Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

КОҢШУЛАРГА САЛЫШТЫРМАЛУУ КЫРГЫЗСТАНДА ДУРУС ДЕШЕТ, БИРОК ЧЕЧИЛЕ ЭЛЕК ПРОБЛЕМАЛАР ДЕЛЕ АРБЫН


Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшү, саясий-экономикалык процесстер бийлик, оппозиция жана эл аралык уюмдар тарабынан ар кыл өңүттөн, айырмалуу позицияда бааланат. Эл аралык байкоочулардын басымдуу көпчүлүгү Кыргызстандагы жүрүп аткан саясий-экономикалык процесстерге кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу көтөрүңкү баа берүүдө. Бирок өлкөдө чечиле элек көйгөйлөр да бар экендиги көз жумдуда калган жок.

Башында андай көтөрмөлөп-мактоонун эрен-төрөөнү билинчү эмес, атүгүл Кыргызстандын «демократия аралчасы» деген аталышы деле шылдыңы жок кабылданчу. Жаманбы-жакшыбы, Кыргызстан демократиялык жаңылануулар жаатында алгач бир топ дурус иштердин өтөлүнө чыкканы жалпыга дайын болчу. Конституция улам-улам оңдолуп, президент А.Акаев «үчүнчү мөөнөткө» шайлангандан кийин көнүмүшкө айланып бараткан айрым түшүнүктөрдүн маани-мазмуну кыйла тарый түштү.

Ошондонбу, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасы Яап де Хооп Схеффердин Кыргызстандагы демократиялык процесстерди дагы тереңдетүү, темпти күчөтүү чакырыгы айрым бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрүн таң калтырды. Өлкөдө сөз эркиндиги кысымга алынып, саясий партиялардын коомдогу ролу төмөндөп, экономикалык өнүгүүнүн натыйжасы ачык көрүнбөй турганы Батыш саясатчыларынын баамына илинбегени менен кыргызстандыктар үчүн айдан ачык маселе го.

- Кечиресиз, мен өзүмдү саясий турист деп эсептебейм, - деди ЕККУнун азыркы төрагасы Схеффер мырза. - Мен, биринчиден, кызматым боюнча ЕККУнун азыркы төрагасымын. Ишиме байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрү боюнча иш сапарында жүрөм. Убакыт, албетте, тар. Иш боюнча расмий көз карашты, андан айырмаланган пикирлерди угууга милдеткермин. Албетте, такай эле бул жерге келип туралбайм, мен иштей турган башка иштер бар. Чөлкөмдүн маанилүүлүгүн ойлоп бул жакка атайын өкүл катары Марти Ахтисаарини – Финляндиянын мурунку өкмөт башчысын дайындагам. Ал Борбор Азияга тез-тез келип турмакчы. Ал мага бул жерде болуп аткан окуялар тууралуу айтып турат. Кыска иш сапарында бардык проблемаларды терең аңдап чыгуу мүмкүн эмес. Бул жердеги кызматкерлерим аркылуу болуп аткан процесстер тууралуу кабар алып турам.

Өлкөдөгү жагдай тууралуу жалпы түшүнүгү бар экенин баса көрсөткөн Схеффер мырза журналисттер алдында Кыргызстандагы прогресс тууралуу пикирин ачыкка чыгарды:

- Прогресс бар экени байкалып турат. Бирок, биз бул жерде дагы көп нерселерди иштеш керектигин да көрүп турабыз. Мыйзам үстөмдүгү, демократиялаштыруу жаатында проблемалар бар экендиги байкалып турат. Анткен менен алдыга жылуу сезилет.

Дүйнөлүк Банктын жакырчылыкты жоюу программасынын координатору Раж Нелерт Тажикстан менен Кыргызстанды окшоштурду.

- Тажикстан менен Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу аракетин өкмөт менен элдин өзү көтөрүшү тууралуу идея мага жагат. Айрым бир айырмачылыктарына карабастан, эки өлкөдө тең бирдей проблемалар бар, - деди Раж Нелерт.

Он жылдан ашуун созулган реформалардын натыйжасы көрүнбөй жатканына ичи чыкпаган эл аралык уюмдар эми Кыргызстандын ички иштер кызматын реформалоого көмөк көрсөтүүгө киришти. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасынын айтымында, милицияга материалдык-техникалык колдоо жакын арада башталмакчы.

ЕККУнун жаңы долбоорду ишке ашыруучу улуттук кызматкери Шамшыбек Мамыров «ЕККУ кыргыз милициясына дүйнөлүк стандартка өтүүгө жардам берет» деген пикирде.

- ЕККУ биздеги саясий-экономикалык реформалардын кайрымжысы көрүнбөй атканын байкап эле турбайбы, - дейт ал. - Президент А.Акаев белгилегендей, соттордун, тартип коргоо органдарынын мурунку советтик доордогудай иштегени, терең саясий-экономикалык реформалардын бул жерде жүрбөгөнү аягында келип демократиянын өнүгүшүнө жолтоо болууда.

XS
SM
MD
LG