Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

ЕЛЬЦИНДИН НААРАЗЫЛЫГЫ, КЫРГЫЗСТАНДЫН БАРКЫН ТҮШҮНГӨН РОБЕРТСОН, КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бул аптада Бишкекке НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон, ЕККУнун азыркы төрагасы Яап де Хооп Схеффер, Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельцин келишти. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны Ташкенде аяктады. Айрым бейөкмөт уюмдар ЕККУнун кыргыз милициясын колдоо боюнча программасынын айрым бир бөлүгүнө каршы чыгышууда.

Бул аптада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасы Яап де Хооп Схеффер баш болгон ЕККУнун делегациясы Бишкекке келип кетти. Делегациянын жетекчиси президент Аскар Акаев баш болгон бир катар расмий адамдар менен жолугушуп, Ганси авиабазасындагы Эл аралык антитеррордук коалициянын аскерлеринин турмушу менен таанышты. Бирок ЕККУнун Кыргызстандын ички иштер органдарын колдоо программмасынын бир долбоорун өз бетинче түшүнүп алышкан айрым бейөкмөт уюмдар нааразылык акцияларын уюштурганга чейин барышты.

18 айга эсептелген программага жалпысынан 3 млн. 600 миң евро өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Анын ичинен «Чыр-чатактарды, баш-аламандыкты болтурбаш үчүн ички иштер кызматынын системасын чыңдоо» деген долбоордун алкагында эл аралык полиция офицерлери Бишкекке келе башташкан.

«Интербилим», «Жарандык коом коррупцияга каршы» жана башка бейөкмөт уюмдардын көз карашында, бул долбоор адам укуктарын кыйла чектейт. Алардын түшүнүгүндө, чыр-чатактардын алдын алуу долбоорунун алкагында Кыргызстанга резина ок менен атуучу (демонстрацияларга каршы пайдаланылышы ыктымал болгон) куралдар алынып келинет. Ал эми ЕККУнун полиция иштери боюнча кызматкери Ричард Монк алардын маалыматын жокко чыгарып, маселенин башка өңүтүн да эске салды:

- Бул, коомдогу бейтартиптикти басыш үчүн биз эң алдыңкы, маселен, резина ок же газ өңдүү каражаттарды алып келебиз дегенди таптакыр билдирбейт. Бирок мен бир жагдайды белгилегим келет. Кайсы гана өлкөдө, кайсы гана полиция күчтөрү болбосун, алар коомдук тартип үчүн жооп беришет. Алар бул милдетти айрым жарандардын аракеттерин эң аз күч колдонуу менен басуу аркылуу аткарышат. Мен маселенин ушул өңүтүн баса көрсөткүм келет.

Ал арада Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельцин байбичеси Наина Ельцина менен кошо Кыргызстанга келип, Ысыккөлгө эс алганы барды. Келээри менен Орусиянын мурдагы мамлекет башчысы америкалык аскерлердин «Манас» аба майданында турганына нааразылык билдирди. Президент Аскар Акаев жубайы экөө Ельциндер менен Чолпонатада жолугушуп, А. Акаев менен Б. Ельцин «Манас ордо» тарыхый-маданий комплексинде мусулман мечитин жана православ чиркөөсүн ачуу аземине катышты.

Б. Ельцин ошентип Кыргызстанда жүргөндө эле Кыргызстанга Түндүк Атлантикалык Альянстын баш катчысы Жорж Робертсон келип кетти. Ал Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, коргоо министри Эсен Топоев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушту. Алар НАТО менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы жана алардын жаңы багыттары боюнча пикир алмашты. Робертсондун айтымында, Кыргызстан менен НАТОнун ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары мындан ары терроризм менен күрөшкө жана чек ара коопсуздугуна байланыштуу болмокчу. Ошентип, тынч жаткан Батыш дүйнөсүнүн жүрөгүнүн үшүн алган эл аралык терроризм менен күрөштө Кыргызстандын геосаясий ролу бир топ экенин НАТО кеч болсо да түшүнө баштаган өңдүү. Эң башкысы – НАТО Кыргызстан үчүн кайсы проблема актуалдуу экенин аңдап-билип, анын чечилишине жардам берүүгө ниеттенгенинде.

Анткени чын-чынына келгенде Кыргызстандын эң талуу жерлеринин бири – кыргыз-өзбек чек арасы. Жакында эле Ташкенде бул боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны аяктады. Жыйында чечилбей жактан чек ара маселелеринен тартып солгундап кеткен соода алакаларына чейин кеңири сөз болду. Отурумдун жыйынтыгы катары кол коюлган протоколго ылайык Өзбекстан июль айынан тартып Токтогул ГЭСи өндүргөн электр энергиясын сатып алууга алдын-ала макулдугун берди жана Кыргызстанга газ берүү боюнча сүйлөшүү да оң чечилди. Мындан тышкары, Өзбекстан Кыргызстанга тийиштүү 5 газ түтүгүн берүүгө макул болду. «Достук-Ош», «Кадамжай-Шаймерден», «Алты арык», «Иттипак колхозу», «Орозбеков-Кадамжай» газ түтүктөрү, ошондой эле Түндүк Сох газ сактоочу жайы, Сохтун түндүгү менен Чоң каракалча газ кендери да эми Кыргызстандын энчисине өтмөкчү. Бирок тараптар чек арадагы жаңы талаш участкаларды тактай алышкан жок.

Айтмакчы, кыргыз-өзбек чек арасына коюлган миналардан Кыргызстан тарап жабыр тартып келатканы да жакшы маалым. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө бу маселе оң чечилбеген соң Кыргызстан миналарды эми өз алдынча тазаламак болду.

Айтор, Өзбекстан менен талаш маселелерди туура чечип алыш үчүн Кыргызстан кийин өз мүмкүнчүлүгүн да, сырткы ресурстарды да пайдаланчудай. Азырынча сырткы ресурстар көбүрөөк роль ойноп турган чагы. Анткени Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматтарына караганда, адамдын өнүгүшү жагынан Кыргызстан дүйнөдөгү 175 мамлекеттин ичинен 102-орунда турат жана мурдагы Совет республикаларынын эң артта калган 7 мамлекетинин ичинен Тажикстандан гана озуп турат. Оппозициясы күчтүү, аздыр-көптүр саясий тең салмактуулук орногон бул коңшу өлкөдөн Кыргызстан дале болсо алдыга озо береби же андан да артта калабы - азырынча бир беткей жоромолдоп айтуу кыйын.

XS
SM
MD
LG