Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

СУЗАК: ЭЛЕТ ЖЕРИНДЕГИ СОЦИАЛДЫК КЫРДААЛ КЫЙЛА ООР


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жумуштун жоктугунан, пенсия менен жөлөк пулдун аздыгынан сүт-айран, каймак-курутун Жалалабад базарына сатып, үй-бүлөсүн баккан Сузак районунун тоолуу кыштактарына каттоо кыйын болуп атат. Жер көчкү баскан Жалалабад-Кызкөл унаажолу көчкүдөн тазаланып, топурак-шагыл толтурулуп калса эле маселе чечилбей тургандыгын, ага мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, капиталдык жактан оңдоо керектигин айыл калкы айтууда. Тоо аймактарында электр жарыгы жумалап өчүп калат. Жарыкты калыбына келтирүүгө жаңы жабдуу да, каражат да жетишпейт. Ага акча топтоого элдин чамасы чакталуу.

Облустун Сузак районунда жазында баскан жер көчкүдөн улам бузулган Жалалабад-Кызкөл-Карамарт жолу шагыл-топурак төгүлүп толтурулганы эле болбосо, аны оңдолду деп айтуу кыйын. Жүз жылдан ашык убакыттан бери эки миңдей кожолук жашаган жети-сегиз айылга унаа каттаган жолду капиталдык жактан оңдоо жөнүндө сунушун Кызкөл айыл өкмөтүнүн коомчулугу абалды өз көзү менен көрүүгө ал жерге май айында барган өкмөт башчысы Николай Танаевдин өз колуна тапшырышкан. Бирок андан бери эч кандай өзгөрүү болбоду. Жолго облустун күчү менен көмөк көрсөтүлгөнүн, губернаторго ушул маселени кайрадан койгону үчүнчү ирет келген Актоок кыштагынын карыя тургуну Өмүралиев Маккамбай ырастады.

- Актоок, Карамарт, Кызкөл эң оор абалда турат. Себеби быйыл көчкү жүрүп, бир нече жер кышы-жазы менен өтө албай кыйналдык. Эми ошол жолду оңдоого келгенде жаан дебей, бороон дебей барып жолдон кабар алып, шагыл төктүрүп убактылуу машиналарды өткөрүп турду. Оңдоого убада берген Николай Танаевге чейин баштап барды. Ошондой болсо да, азыр жол курулушу башталбай аткандан кийин, биз тынчсызданып атабыз. Ошол жол аркылуу Актоок, Карамарт, андан ары Чалжайлоо деген жайлоолор аркылуу эл кетет. Бул миңдеген жылдардан бери каттап турган жер. Бул ушул бойдон калбаш керек. Жолду капиталдуу түрдө оңдотуш керек.

Райондун акими Турдуназир Бекбоевдин билдирүүсү боюнча, жол каттоо маселеси эбак чечилген. Жүргүнчүлөрдүн сөздөрүнө караганда, Кызкөл айыл өкмөтүнүн Сарыбулак айылындагы дамба менен көпүрө да оңдоло элек. Айылдын тургуну Абдымамбет Кадырбековдун баасы боюнча, ал жердеги абалды жакшыртуу иши башталган жок.

- Сарыбулак, Карабулак, Орток айылдарында бардыгы 300гө жакын түтүн жашайт. Негизи биздин соода Жалалабадда болгондон кийин бардык иш Жалалабад аркылуу бүтөт. Элибиз жумуштун жоктугунан өзүнүн сары майын, курутун, эгин-тегинин Жалалабадга алып келип сатып, аны башка товарга алмаштырып келиши керек. Ошондой мезгилде кыйынчылык болгону - жолдун жамандыгы. Бирок азыр жолду оңдош үчүн эч кандай чара көрүлө элек. Николай Танаев өзү келип көрүп кеткенде, ал айткан: «Жол министри, МЧС, Экология министрлиги бардыгы сунушту колдоду», - деп. Бирок андан бери эч кандай аракет деле жок. Экинчиден, биздин Сарыбулак айылында бардыгы болуп 70 түтүн жашайт. Он беш күндө бери жарык жок. Бул жерге жарык керек да, - дейт Абдымамбет Кадырбеков.

«Жалалабадэлектро» акционердик коомунун төрагасынын орун басары Аскар Атчабаров «тоо этегиндеги кыштактарда оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, жарык өчүп калышы ыктымал» деген жообун билдирди.
XS
SM
MD
LG