Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Бейөкмөт уюмдардын бири ички иштер органдарын реформалоого коомдук көзөмөл уюштурууну сунуш кылды


БИШКЕК. Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясы өлкөнүн Ички иштер министрлигин реформалоо ачык-айкын болушу үчүн саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн коомдук кеңеш түзүүнү сунуш кылууда. Бул жөнүндө бүгүн ассоциациянын төрайымы Токтайым Үмөталиева «Азаттыкка» кабарлады. «Ички иштер органдарын реформалоого жарандык коом көзөмөл кылып турушу керек. Ансыз министрлик өз кызыкчылыгында гана реформа жүргүзөт», - дейт Токтайым Үмөталиева. Ассоциация Ички иштер министрлигинин аталышын Тартип коргоо министрлиги деп өзгөртүүнү да сунуш кылууда. Ал ЕККУнун каржылык колдоосу менен өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо программасынын талаш-тартыш жараткан жетинчи долбоорун да колдойт. Ал эми бир катар бейөкмөт уюмдар бул долбоорго каршы чыгып, аны алып салууну талап кылышууда. Анткени долбоордо чыр-чатактарга жана тартипсиздикке жол бербеш үчүн ички иштер органдарында атайын бөлүктөрдү түзүү каралган.

XS
SM
MD
LG