Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

Европа Кеңешинин өкүлү Орусияны Чеченстан боюнча саясий жараянды кеңейтүүгө чакырды


Европа Кеңешинин Чеченстан боюнча жаңы өкүлү Андреас Гросс бул тууралуу Орусиядагы үч күндүк визитин аяктап жатып айтты.Ал саясий жараянага мурдагы мыйзамдуу бийликтин өкүлдөрү болгондуктан Аслан Масхадовдун тарапкерлери да тартылышы керек деп эсептейт. Чеченстандагы президенттик шайлоо 5 октябрга белгиленген жана Москва 1997-жылы президент болуп шайланган Аслан Масхадов менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке кагып келүүдө. Бүгүн болсо Чеченстандын Шатой районун тоолорунда козголоңчулардын кол салуусунан орусиялык тогуз жоокер каза таап, бешөөсү жаракат алды. "Интерфакс" агенттигинин кабарына караганда, аскерлер түшкөн "КАМАЗ" машинасынын жолунда мина жарылып, андан соң ал гранатаметтон жана автоматтан аткыланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG