Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Австриядан кыргызстандык качкындар кармалды


БИШКЕК. Австриянын коопсуздук кызматындагы булактарга таянган айрым маалымат каражаттарынын кабары боюнча, өткөн бейшембиден бери бул өлкөнүн чыгыш жана түндүк-чыгыш чек араларынан мыйзамсыз өткөн 131 мигрант кармалды. Алар өлкөнүн Чехия жана Словакия менен чектеш аймактарынан кармалышкан. Кармалгандардын дээрлик баары Азия мамлекетттеринин жана постсоветтик өлкөлөрдүн жарандары. Мигранттардын ичинде орусиялык 74, өзбекстандык 2, кыргызстандык 5 жаран бар. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаментинин өкүлдөрү мындай маалыматтан кабары жоктугун билдиришти. Ушундай эле маалымат Кыргызстандын Австриядагы элчилигинен алынды. Элчи Аликбек Жекшенкуловдун билдирүүсү боюнча, кармалгандардын арасында кыргызстандыктар бар же жок экендигин азырынча айтуу мүмкүн эмес. Себеби, бул маселе боюнча элчиликке эч кандай нота келген жок.

XS
SM
MD
LG