Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:09

Бишкекте айыл чарба инвестициялары боюнча долбоордун бет ачаары болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө багышталган долбоордун бет ачаар аземи болду. Долбоорго Дүйнөлүк Банк 15 млн., кыргыз өкмөтү 3 млн. доллар өлчөмүндө кредит бөлүшүүдө. 2004-жылдан 2007-жылга чейин эсептелинип, быйыл августтан тартып ишке кире турган «Айыл чарба инвестициялары» долбооруна кошумча катары Жапон өкмөтү 1,2 млн. доллар бөлөт. Долбоорго Кыргызстандын 50 айыл өкмөтү тартылат. Долбоордун максаты - айыл жериндеги жакырчылыкты жоюу, жергиликтүү бийликтин укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына финансылык, техникалык жактан көмөк көрсөтүү, жергиликтүү маселелерди чечүүгө шарт түзүү, ж.б. Долбоор тууралуу быйыл июнь- июль айларында жергиликтүү жетекчилердин, адистердин катышуусунда бир катар семинарлар жана «тегерек үстөл» жыйындары өткөрүлгөн. Долбоордун кеңеш берүү тобунун алгачкы жыйыны апрель айында өткөн. Жаңы долбоордун бет ачаарында вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Дүйнөлүк Банктын Европа менен Борбор Азиядагы айыл чарба жана экология программасынын жетекчиси Гетц Шрайбер чыгып сүйлөштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG