Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:01

ИРАК: КООПСУЗ ЗАМАН КЕЛЕ ЭЛЕК


Бакыт Аманбаев, Прага Дүйшөмбү күнү АКШнын Ирактагы аскерлерине кол салуу болду. Бир жоокер каза болуп, алтоосу жараат алышты. АКШ президенти Ирактагы согуштун аяктагандыгын расмий түрдө жарыялагандан бери өлкөдө 30дан ашуун америкалык жоокер мерт болгондугу кабарланууда.

Ирактагы согуш аяктагандан бери бир нече айдан ашуун убакыт өтсө да, ал жерде билинбеген согуштук аракеттер уланууда. Аптасына бир нече жолу, соңку мезгилдери дээрлик күн сайын Ирактагы чет элдик жоокерлерге кол салуу болгондугу жөнүндө кабарларды угууга болот. АКШнын Ирактагы админстрациясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, дүйшөмбү күнү да Кошмо Штаттардын Ирактагы аскерлеринин чакан тобун белгисиз адамдар гранатомет менен аткылоого алышкан. Кагылышуудан бир америкалык жоокер каза болуп, алтоосу ар түрдүү деңгээлде жарадар болушту. Ал эми жогорудагыдай кандуу окуядан эки саат өтүп-өтпөй, Багдад аба майданына жакын жерде да алыстан атылган октон бир америкалык жоокер оор жараат алды.

Жашырынган адамдар көбүнчө снайпер мылтыгы, граната жардыруу же өзүн өзү өлтүрүү жолу менен чет элдиктерге кол салышат. АКШнын президенти Жорж Буш Ирактагы согуштун аяктагындыгын расмий жарыялагандар берки убакыт ичинде бардыгы болуп бул өлкөдө Кошмо Штаттардын 30дан ашуун жоокери набыт болду.

Соңку мезгилдери Ирактагы чет элдик аскерлерге каршы кол салуулардын күчөп бараткандыгына байланыштуу, АКШнын жана Британиянын Ирактагы аскерлери Саддам Хусейндин тарапкерлерин колго түшүрүү максатында, шектүү делинген аймактарда аскердик ири операцияларды күчөтүштү.

Ал эми Кошмо Штаттардын Коргоо министри Доналд Рамсфелд жекшемби күнү Эн-Би-Си телеканалына берген интервьюсунда, келечекте да Ирактагы америкалык аскерлерге кол салуулардын күчөшү ыктымал экендигин айтып, аскерлердин Саддам Хусейндин тарапкерлеринин чабуулуна ар дайым даяр туруусун эскертти. Рамсфелддин айтымына караганда, коалициялык күчтөргө каршы чабуулдар айрыкча июл айынын экинчи жарымында күчөшү мүмкүн. Анткени бул айга Ирактын мурдагы башкаруу режиминин салттуу майрам күндөрү туш келет. Маселен, 14-июлда Иракта антимонархиялык төңкөрүш жеңген күнү, 16-июлда - БААС партиясынын түзүлгөн күнү, ал эми 17-июлда болсо Саддам Хусейндин бийликке келген күнү белгиленчү. Айтмакчы, Ирактагы Башкаруу Кеңеши өлкөдөгү мурдагы саддамдык режимдин бардык расмий майрамдарын жокко чыгарды.

Ирактагы чет элдик аскерлерге кол салуунун күчөшүнө карата эл аралык аналитиктер түрдүүчө көз карашта. Маселен, НАТОнун Женевада жайгашкан АКШнын коопсуздугу боюнча борборунун адиси Жулиан Линдлейдин пикиринде, мындай кол салуу уюштургандар көбүнчө Саддам Хусейндин эң жакын тарапкерлери же коңшулаш араб өлкөлөрүнөн келген жанкечтилер болушу мүмкүн. Бирок жалпысынан мындай жек көрүү мамилеси Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн мусулман калкынын АКШны жаман көрүүсү менен байланыштуу:

- Чынында, алардын арасында Кошмо Штаттарын дүйнөдөгү адилеттүү же адилетсиз же баскынчы өлкө катары көргөндөр бар. Британияга деле ушундай көз карашта. Ошондуктан, ал жерге жакшы максатта келсек деле, мындай жагдай бизге олуттуу түйшүктөрдү жаратат.

Ал эми АКШнын Ирактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, соңку мезгилдери Кошмо Штаттардын жоокерлерине кол салууларды “ал-Каиданын” курамына кирчү “Исламчыл куралданган топ” деп аталган уюшма мойнуна алды. Мындай билдирүү “ал-Арабия” спутник телеканалы аркылуу уктурулду. Билдирүүнү окуган атын айтпаган адам америкалык аскерлерге каршы согуштук аракеттерди Саддам Хусейндин тарапкерлери эмес, “ал-Каида” тобунун өкүлдөрү уюштургандыгын эскертти.

Байкоочулардын айтымында, эгерде, АКШнын бийлиги жакын арада Иракта коопсуз бейпил турмушту орното алышпаса, ал жердеги абал, Ооганстандагы соңку кырдаал көрсөткөндөй, келечекте мындан да татаалдашын жокко чыгарууга болбойт.
XS
SM
MD
LG