Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

ЭЛ АРАЛЫК КРИЗИСТИ ИЛИКТӨӨ ТОБУ: БОРБОРДУК АЗИЯ ЖАНА ИСЛАМ


Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан “Эл аралык кризисти иликтөө тобу” аттуу изилдөө борбору жакында Борбор Азиядагы ислам дининин жана секулярдык өкмөттөрдүн өз ара алакаларына арналган баяндамаларын жарыялады. Исламдык фундаментализмдин, куралдуу жаңжалдын алдын алуу үчүн аймактагы бийликтер оппозиция менен баарлашууга өтүшү керек. Борбор Азиянын бардык өкмөттөрү демократиялык реформаларды терең деңгээлде жүргүзүшү зарыл, - дешет баяндама авторлору.

“Эл аралык кризисти иликтөө тобунун” (The International Crisis Group - ICG) баш кеңсеси Белгиянын ордо шаарында жайгашкан. Анын Борбор Азиядагы бөлүмү Ош шаарында иликтөө алып барат. Июлдун 10унда бул эл аралык иликтөө тобу Борбор Азиядагы мусулмандардын ар кыл кыймылдары менен жергиликтүү секулярдык өкмөттөрдүн карым-катнашына арналган баяндаманы жарыялады. Бул – жаңжалдарды изилдөө тобунун быйылкы экинчи баяндамасы.

Быйылкы жарык көргөн жана даярдалып жаткан эмгектер тууралуу топтун өкүлү, теги өзбек окумуштуу Азизулла Газы “Азаттыкка” мындай деп маалымдайт:

- Үстүбүздөгү жылы биз ислам маселелерине көбүрөөк көңүл бурдук. Ошондуктан биз төрт тема боюнча олуттуу төрт баяндама даярдадык. Биз жарыялаган алгачкы баяндама “Борбор Азиядагы радикалдык ислам” деп аталат. Ал аймактагы хизбу-т-тахрирчилердин ишмердүүлүгүнө арналды. 10-иблда жарык көргөн экинчи баяндамабыз “Ислам жана мамлекет” деп аталат.

Иликтөө тобу пост-советтик Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде тең мурдагы атеисттик режимден кийин мусулмандар баш көтөргөнүн, совет доору маалында кыйратылган мечиттер четинен кайра курула баштаганын, бир катар өлкөлөрдө жогорку окуу жайлары – медреселер ачылганын, бирок исламдык кайра жаралуу деп аталган жараян ар өлкөдө ар башкача өнүккөнүн белгилейт. Түркмөнстан менен Өзбекстанда мусулмандардын ар кыл агымдары өзгөчө катаал кысымга дуушарланууда. Топтун баяндамасында Казакстан менен Кыргызстанда кырдаал кыйла либерал мүнөзгө ээ, бирок аларда да өкмөт ар кыл бюрократиялык жолдор аркылуу мусулман жамааттарынын башкаруучу органдарын кылдат көзөмөлгө алып келет, деп айтылат.

Борбор Азияда өз ишмердүүлүгүн тымызын жүргүзгөн “Хизбу-т-тахрир” уюмунун мүчөлөрү 15 миңден 20 миңге чейин чамалап барат. Алардын көпчүлүгү - Өзбекстанда жайгашкан, бирок Кыргызстанда да аларга таламдаш карапайым мусулмандар жок эмес. Алардын бири, өзүн Абдулбасир деп атаган жигит бул уюмдун мүдөөсүнө тилектештигин айтат:

- Мусулман катары, Кыргызстандын атуулу катары “Хизбу-т-тахрир” уюмуна, анын идеологиясына көз карашым түз. Мусулман мамлекетинде шариятка ылайык жашообуз керек, Куранда көрсөтүлгөндөй жашоо керек.

Ушул тапта либералыраак делген Кыргызстанда да “хизбу-т-тахрирчилердин” бир далай өкүлдөрү камакка алынып, диний көз карашына үгүт кылганы үчүн эле абактарда жатат. Ал эми христиандык дүйнө делген Батышта, маселен, Британияда көп сандаган жамы мечиттер иштеп жатат. Лондондо нечендеген бири-бирине атаандашкан исламдык агымдар өз сыналгы-үналгы каналдарын уюштуруп, китептерин жана башка басылмаларын эркин жарыялап келет.

“Эл аралык кризисти иликтөө тобунун” Борбор Азия долбоорун жетектеген Дэвид Люис (David Lewis) аймактагы секулярдык өкмөттөрдүн исламдык уюмдарга каршы катаал саясаты буга чейин өз үгүтүн жана башка ишмердүүлүгүн тынч жол менен жүргүзүп келген “Хизбу-т-тахрир” сыяктуу исламчы уюмдарды радикалдык нукка өтүүгө мажбурлашы мүмкүн деген чочулоосун жашырган жок:

- Менимче, Өзбекстанда “Хизбу-т-тахрирчилердин” курамындагы айрым топтор азыркы таптагы тынч иш-аракет жүргүзүү тактикасы майнапсыз болуп жатат деп чыгышы ыктымал. Мындай топтор акыры сабырсыздыкка жол коюп, ачык нааразылык кыла башташы мүмкүн. Азырынча, хизбу-т-тахрирчилер өз тактикасын өзгөртөөрү тууралуу белги деле байкалбайт.

Люис мырзанын эскертишинче, соңку учурда хизбу-т-тахрирчилер Өзбек өкмөтүнөн кыйла запкы көрдү, ошого карабастан алар режимге каршы курал көтөрүүгө барган жок.

Буга чейинки тарыхый окуяларга кайрылсак, өздөрүн “Өзбекстан исламчыл кыймылы” деген уюмдун тарапкерлери санаган жоочулар гана Борбор Азиядагы секулярдык өкмөттөргө каршы куралдуу күрөшкө чыгышкан. Ооганстандагы мурдагы талиптик режимдин жана Осама бен Ладендин “ал-Кайида” террордук тармагынын колдоосун алган бул жоочулар тобу 1999- жана 2000-жылдары куралдуу күрөш жүргүзүшкөнү маалым. Талиптик режимдин ойрон болушу менен бул топ дээрлик талкаланды дешке болот. Бирок алардын калган-каткан бөлүктөрү ыңгайлуу учур келсе, кайра баш көтөрүүгө даяр деген жоромолдор айтылып келет. Бирок бул ашынган кыймылга шылтоо кылып, башка тынч мусулман топторун жазыксыз жерден кысымга алуу, сөзгө алынган баяндаманын авторлорунун эскертишинче, секулярдык түзүлүш үчүн оор кесепеттерди жаратышы ыктымал.

Деги эмне кылуу керек? Борбор Азиядагы режимдердин кожоюндары “исламчыларды эл аралык террорчулуктун бир бөлүгү катары талкалоо керек” деп санашат.

Ал эми француз ислам таануучусу Оливье Руанын (Olivier Roy) оюнча, ар кандай исламдык партия менен бийлик бөлүштүрүү жаатында Борбор Азияда азыноолак тажрыйба бар. 1997-жылы Тажикстандагы атуулдук согуштун аякташы өлкөдөгү оппозициячыл исламдык партия менен секулярдык өкмөттүн өз ара ынтымакка келүүсүнүн башкы мөмөсү болгон. Руа белгилегендей, Эл аралык кризис тобунун авторлорунун оюнча, расмий Ташкент да саясий турмушту либералдаштыруу аркылуу калктын бир далай бөлүгүн хизбу-т-тахрирчилердин таасиринен оолактатышы мүмкүн.

- Бул топтун баяндамасы Хизбу-т-тахрирди кыртышынан ажыратуу үчүн эң мыкты чара, өзгөчө анын Өзбекстандагы жаштарга кайрылуусуна каршы ыкма – бул Борбордук Азиядагы саясий сахнаны кеңейтүү жолу экенин, бүткүл аймакта, өзгөчө алганда Өзбекстанда демократиялык түзүлүштү чыңдоо нугу экенин тыянактайт.

Руа мырза да Борбор Азия өкмөттөрү исламчылар менен саясий баарлашуу аларды ойрон кылуу аракеттерине караганда алда канча алгылыктуу экенин белгилейт.

Айтмакчы, Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу мырза да тынч усул менен үгүт жүргүзгөн мусулмандарга каршы кысым көрсөтүү саясатынан таптакыр баш тартууну өкмөткө сунуш кылып келет. Борбор Азиянын секулярдык оппозициясынын ойлору да буга үндөш. Демек, Брюсселдеги эл аралык топтун алгылыктуу пикирлери жергиликтүү саясатчылардын бир бөлүгү тарабынан колдоого алынаары шексиз. Кептин баары – жергиликтүү өкмөттөрдө.
XS
SM
MD
LG