Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

ИРАК: БАШКАРУУ КЕҢЕШИ АЛГАЧКЫ ЧЕЧИМДЕРИН ЖАРЫЯЛАДЫ


http://gdb.rferl.org/E2D414E3-A07E-4721-98BC-C74034D177C3_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/E2D414E3-A07E-4721-98BC-C74034D177C3_mw800_mh600.jpg Жекшемби күнү Ирактын Башкаруу кеңеши алгачкы жыйынын өткөрүп, өзүн өлкөнүн өткөөл өкмөтү катары жарыялады. Жыйындын жүрүшүндө кеңеш мүчөлөрү арасында бир топ пикир келишпестиктер бар экени айкын болду. Ошентсе да, дээрлик 35 жыл өкүм сүргөн Саддамдын режиминен кийинки алгачкы өкмөттүн түзүлүшү өлкө тарыхындагы бурулуш учур катары бааланып жатат.

Убактылуу өкмөттүн курамы АКШнын Ирактагы администрациясынын жетекчиси Пол Бремер жана өлкөнүн 7 ири партиясы тарабынан аныкталган. Айларга созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кеңештин 25 мүчөсү аталып, ага 13 шийит, беш сунний, беш күрт, бир христиан жана бир түркмөн кирди. “Эркин демократиялык партиянын” өкүлү Базил ан-Накиибдин сөзү менен айтканда, өкмөттү Ирактын “демографиялык жана географиялык түзүлүшүн эске алуу менен курууга” аракет жасалды.

Кеңештин алгачкы чечими менен Саддам Хусейндин учурунда киргизилген расмий майрамдар жокко чыгарылды. Ошондой даталардын экөө жакындап келатканы да, бир четинен, Башкаруу кеңешинин жыйынын тезирээк өткөрүүгө түрткү бергенсиди. 14-июл -1958-жылы падышанын тактыдан кулатылган күнү, ал эми 17-июл -Хусейндин БААС партиясынын 1968-жылы бийликке келген күнү катары расмий белгиленип келчү. Анын ордуна мындан ары 9-апрел улуттук майрам катары ирактыктардын календарына киргизилмекчи. Ал күнү коалиция күчтөрү Багдадга кирип, Саддамдын 35 жылдык бийлигине чекит коюлган.

Кеңеш мүчөлөрүнүн эски режимге карата көз караштары бир жерден чыкканы менен, чет элдик аскерлер маселесине келгенде, алардын ортосунда далай пикир келишпестиктер бар экени дайын болду. Атап айтканда, коалиция күчтөрүнө кандай аныктама берилиш керек деген суроодо эки ача сунуш айтылды. Иран колдогон “Ирактагы ислам революциясынын” жогорку кеңешинин өкүлү Абдел Азиз ал-Хаким коалиция аскерлери “баскынчылар” деп эсептелиши керек десе, Пентагондун колдоосуна ээ болуп жүргөн “Ирактын улуттук конгрессинин” лидери Ахмед Чалаби “бошотуучу” күчтөр деген аныктама тагыраак болот деп эсептейт.

Дагы бир араздашуу кеңештин ыйгарым-укуктары жаатында келип чыкты. Аталган орган министрлер менен дипломаттарды дайындоо, мыйзамдарды кайра карап чыгуу, келишимдерге кол коюу, улуттук бюджетти жактыруу өңдүү өлкөнүн саясий-экономикалык турмушундагы маанилүү иш-аракеттерди жүргүзөт. Андан тышкары жаңы конституциянын долбоорун иштеп чыкчу атайын комитеттин мүчөлөрүн аныктайт. Ирактын жаңы конституциясы 2004-2005-жылдарга болжолдонуп жаткан жалпы элдик шайлоого чейин иштелип чыгуусу күтүлүүдө.

Ошол эле мезгилде кеңеш коргоо жана коопсуздук структураларынын жетекчилерин жана элчилерди дайындай албайт. Андан тышкары америкалык башкаруучу Пол Бремер өкмөттүн чечимдерине вето коё алат. Кеңештин төрагалыгына талапкер аталып жүргөн Аднан Пачичи: “Бремер мырза менен кандайдыр бир пикир келишпестиктер болгон кезде, алар вето аркылуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чечилет деп үмүттөнөбүз”, - деген оюн билдирди.

Күртстан патриоттук бирикмесинин төрагасы Жалал Талабанинин оюнча, кеңеш “өкмөткө таандык дээрлик бардык укуктарга ээ”. “Ислам революциясынын” өкүлү ал-Хаким болсо утурумдук өкмөттүн аткаруучу функциялары чектелүү экенин белгилөө менен бирге, анын укуктары бара-бара кеңейет деген үмүтүн билдирди. “Айрым мүчүлүштүктөргө карабай, биз кеңештин ишине катышууну чечтик, анткени бул туура багыттагы алгачкы кадам”, - деди ал-Хаким.

Айрым байкоочулардын баамында, кеңеш ичиндеги араздашууларга караганда жаңы бийлик структурасын АКШнын кол бала өкмөтү катары кабыл алган карапайым ирактыктар арасындагы скептицизм алда канча кооптуураак.

Ирактагы бийликти жергиликтүү жетекчиликке өткөрүп берүү жараянын коалиция мүчөлөрү жогору баалап, кубаттоо менен каршылап алышты. Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро: “Ирактын эли ирактыктар тарабынан башкарыла турган жаңы Иракка карай кадам ташташты”, - деген пикирин ортого салды.

Утурумдук өкмөттүн түзүлүшүнө БУУнун жана уюмдун баш катчысынын Ирак боюнча атайын өкүлү Серхио Виера де Меллонун салымы да чоң экенин белгилей кетели. Бразилиялык дипломат Чыгыш Тимор эгемендүүлүккө жетишкенге чейин БУУнун ал жердеги өкүлү болуп эмгектенген тажрыйбалуу адис болуп саналат.

Ирак өкмөтүнүн алгачкы жыйынынан кийин өткөн пресс-конференцияга катышкан жалгыз чет өлкөлүк - де Мелло болду:

- Бүгүн Ирактын Башкаруу кеңешинин жаралышына күбө болуп отурабыз. Бирок бул соңку максат эмес. Алдыда толук көз карандысыздыкты калыбына келтирүү жараяны бар. Ошол багытка карай керектүү жана күтүлгөн кадам жасалды, - деп ырастады БУУнун өкүлү де Мелло.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG