Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Фотожурналист Захра Каземинин өлүмү үчүн Ирандын бийликтери айыпталууда


Теги боюнча ирандык, бирок бир эле кезде Канаданын да атуулу болгон Захра Каземи өткөн айда Тегерандагы түрмөлөрдүн бирин сүрөткө түшүрүп жатканда камалган. Камакта ал коопсуздук кызматтарына сурак берген учурунда катуу таяк жегендей. Анын жакындары, кесиптештери Захра Каземинин өлүмү үчүн расмий Тегеран жоопкер деп эсептешет. Ирандын президенти Мохаммед Хатами фотожурналисттин өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүүгө буйрук берди. Бирок эл аралык "Чек арасыз репортерлор" уюму иликтөө көз карандысыз болорунан күмөнсүнөт. Фотожурналистин уулу Стефан Хашеминин айтымында, ал энеси абактагы кыйноонун натыйжасында көз жумду деген ишенимде жана Канаданын бийликтеринен анын сөөгүн кайтарып алууга жардам берүүнү өтүндү. Себеби Тегеран журналисттин сөөгү Иранда көмүлөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG