Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Израилдин өкмөт башчысы британ бийликтери менен сүйлөшүү өткөрүүдө


Ариэль Шарон Лондондогу сүйлөшүүлөрүн британ тышкы иштер министри Жек Стро менен жолугушуудан баштады. Бүгүн кечинде ал премьер–министр Тони Блэр менен кездешет. Кабарчылар белгилеп жатышкандай, Ж.Стро да, Т.Блэр да Израилдин өкмөт башчысын палестин аймактарында мыйзамсыз курулган жөөт кыштактарын тезирээк жоюуга, абактагы палестиндерди эрикиндикке чыгарууга чакырмакчы. Ал эми Ариэл Шарон британ жетекчилигин палестин лидери Ясир Арафат менен алаканы кыскартууга үндөйт. А.Шарон айтып жүргүндөй, Я.Арафат "Жол картасы" тынчтык планын аткарууда премьер-министр Махмуд Аббаска жолтоо кылып жатат. Израил өз тарабынан АКШнын колдоосу астында Ясир Арафатты изоляциялоого жетишти. Британия мындай кадамды көп колдобой келүүдө.

XS
SM
MD
LG