Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Иракка Индиянын аскерлери жиберилбейт


Өлкөнүн тышкы иштер министри Жасвант Сингх өкмөттүн бүгүнкү жыйынынан кийин билдиргенине караганда, индус аскерлер Иракка БУУнун мандаты алдында гана жиберилет. АКШ Ирактагы бейпилдик операцияларына катышууну Индияга быйыл май айында сунуш кылган болчу. Учурунда Ирактагы аскерий операцияны колдобогон индус коомчулугунда бул маселе көп талаш-тартыштарды жаратты. Атүгүл премьер-министри Атал Бихари Важпайинин коалициялык өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү да аскерлердин жиберилишине каршы болушту.

XS
SM
MD
LG