Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:44

Багдадда Ирактын Башкаруу кеңешинин жыйыны өттү, коалициялык аскерлерге кол салуу уланууда


Жаңыдан түзүлгөн Башкаруу кеңеши экинчи иш күнүндө өз жетекчисин шайлаары күтүлгөн эле. Эми бул маселенин кийинки калтырылышынын себептери белгисиз. Кеңештин басма сөз катчысы Хошияр Зебаринин билдиргенине караганда, жыйында БУУнун Коопсуздук кеңешине делегация жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынды, алдыдагы иш пландарды аныктоо үчүн үч комитет уюштурулду. Ирактын утурумдук бийлиги катары эсептелген бул орган 25 адамдан турат. Ага өлкөдөгү саясий, диний жана улуттук тайпалардын баарынын өкүлдөрү кирди. Евросоюз, Орусия, Араб Лигасы Башкаруу кеңешинин түзүлүшүн кубаттап, ал Ирактын көз карандысыздыгын калыбына келтирүү багытындагы оң кадам экенин белгилешти. Бирок, Араб Лигасынын баш катчысы Амир Мусанын пикиринде, кеңештин мүчөлөрү дайындалбастан, шайланганда көбүрөөк бийликке жана ишенимге ээ болмок.
Мунун аралыгында коалициялык аскерлерге кол салуу уланууда. Багдаддагы бүгүнкү кол салуулардан бир америкалык жоокер каза таап, алтоосу жаракат алды. Башкаруу кеңешинин кеңсесине жакын жерде бир автоунаа да жардырылды.
АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелддин айтымында, эски режимдин тушундагы майрамдардын бир канчасы ушул айга туш келгенине байланыштуу кол салуулар көбөйүшү мүмкүн. Бүгүн - Иракта 1958-жылы монархиялык режим кулатылганын кезектеги жылдыгы.

XS
SM
MD
LG