Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:40

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДА ТАТААЛ МАСЕЛЕЛЕР АРБЫН


Шайырбек Эркин уулу, Баткен Баткен облусунун Самаркандык айылына жакын жерге коюлган Тажикстандын Шураб чек ара бекети, тажик тарап Шураб шаарынан чыга бериштеги «Баткен районунун Самаркандык айылына кош келиңиздер» деп жазылган Кыргызстандын чек ара белгисин жок кылышы - соңку күндөрү ушул окуялар жергиликтүү калкты бир топ тынчсыздандырууда. Ушул жылдын 13-январындагы кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн макулдашуусуна ылайык коюлган бул чек ара бекетин ушул айылдын тургундары «Кыргызстандын аймагына коюлган» дешип, аны алып салуу жана чек ара белгисин ордуна коюу талабы менен чыгышууда. Биз бул маселе боюнча облус губернаторунун биринчи орун басары Максат Дыйкан уулуна кайрылдык.

- Максат мырза, сиз ушул жылдын 13-январында Тажикстандын Исфара шаарында өткөн кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн макулдашуусуна Баткен облусунан барган топту жетектеп барган элеңиз. Ошол макулдашууга ылайык Тажикстандын Шураб чек ара бекети кайсы жерге коюлушу керек эле?

- Биринчиден, ѳкмөт аралык атайын комиссиянын негизинде белгиленген жерлерде бекеттер турушу керек болчу. Бул бекеттин өзүнүн орду - Шураб шаарынын четинде, ооруканасы бар, мурда ошол жерде турган. Ал эми январь айында өкмөттүк деңгээлде жолугушуу Тажик Республикасынын Исфара шаарында болгон. Ал жерде мен катышкам, биздин облустун атынан. Анда бүт ашыкча бекеттер алынып салынган. Алынып салынгандан кийин алар ошол бекетти алып барып, Таскарык деген айылга, чек арага койгон болчу. Биз талап койгонбуз: «Ал жерден алгыла, себеби анын орду ал жер эмес, Шурабда» деп. Биз ошенткенден кийин, алар алып чыгып барып Шурабга койбостон, «Шахта 1-5» деген жерге алып барып коюп коюшкан. Ал жер биз убактылуу пайдаланууга берген жер болчу. Ошого койгону туура эмес. Биз бул боюнча атайын кайрылуу жазганбыз, Согди облусунун жетекчилерине. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул талап аткарылбай келди. Бул бекет ашыкча деп эсептейм. Туура эмес жерде туруп атат. Ошондуктан биз талап койгонбуз. Биринчиден, чек араны мурдагы өзүнүн ордуна, Шураб шаарынын четине жылдыруу маселесин, 2 чакырымга. Экинчиден, ошол чек арада турган «Самаркандык» деген жазууну кайра ордуна келтирүү маселесине коюп атабыз. Ошол маселе чечилбей созулуп келгенинин натыйжасында акыркы күндөрү Самаркандык айылынан 30-40тай аял чыгып, ошону талап кылышты. Кечээ күнү мен ал аялдардын өкүлдөрүн кабыл алдым, аларга түшүндүрүп айттым. Тажик чек арачыларынан «ошол жерлерди биз сатып алганбыз, чоңдоруңар бизге сатты» деген провокациялык маалымат кеткен экен. Мен расмий түрдѳ: «Эч кандай жер сатуу болбойт, мындай иштер өкмөттүк деңгээлде боло турган нерсе, бул жөн эле куру сөз», - деп түшүндүрүп айткандан кийин, келген аялдар кайра кетишти. Ошону менен бүгүн акыбал жакшы эле.

- Бул чек ара бекети февраль айында коюлган экен. Туура эмес коюлган болсо ошол учурда эле чек ара бекетин алдырып койсо болбойт беле?

- Бул боюнча, ошол койгон күндөн баштап биз комиссия жибердик, чоңдорго чейин айттык, кат жөнөттүк. Бир нече жолу Согди облусунун өкмөтүнүн биринчи орун басары менен сүйлөшүп, ага айттым, Исфара районунун акимине айттым: «Элдин кыжырына тийип атасыңар. Туура эмес болуп атат. Ордуна жылдыргыла», - деп. Бирок натыйжа болбой атат. Бул жерде, менин оюмча, Баткен району менен Исфара району бир аз катуураак иштеш керек болчу. Ал жагы туура. Экинчи маселе - жазууну алып салганы жөнүндө биздин облуска маалымат кечирээк жетип калды. Жакында, кечээги тополоңдон кийин угуп калдык. Бул маселени да биз абдан катуу коюп атабыз.

- Тажикстандын Шураб шаарынын чыга беришине коюлган Кыргызстандын чек ара белгисин ошол эле учурда кайра ордуна койдуруп коюга мүмкүнчүлүк бар беле? Балким буга маселени учурунда көтөрө албаган Самаркандык айыл өкмөтүнүн алсыздыгы себеп болгондур?

- Бир жагынан мен сиздин сөзүңүзгө макулмун. Экинчи жагынан Тажик Республикасы - өзүнчө мамлекет, биз аларга катуу талап коё албайбыз. Аларга дипломатиялык каналдар менен гана кайрылат экенбиз. Муну сөзсүз койдурушубуз керек, себеби бул биздин символика, ыйык. Биз бир-бирибизди сыйлашыбыз керек, кошуна болгондон кийин. Бекетти ордуна жылдырыш керек, биздин талап ушул. Муну аягына чыгарабыз деген ишеним бар.

- Учурда Тажикстандын Шураб чек ара бекети турган жер талаштуу делген аймактарга киреби?

- Чындыгында ал талаша турган жер эмес. «Ал Кыргызстандын аймагы» деп тажик туугандар кабыл алып жүрүшкөн. Бирок азыр делимитация, демаркация боюнча комиссия иштеп атат. Алар аягында ушуга чекит коёт. Бүгүнкү күндө ал жер талаш эмес, себеби талаш деген участкаларга кирбейт.
XS
SM
MD
LG