Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

КЫРГЫЗСТАН ӨЗБЕК МИНАЛАРЫН ӨЗ АЛДЫНЧА ТАЗАЛООГО НИЕТТЕНҮҮДӨ


Кыргызстан кыргыз-өзбек чек арасына Өзбекстан койгон миналарды өз алдынча тазалоого даярдык көрүүдө. Өткөн аптадагы өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев тийиштүү министрликтерге чек араны минадан тазалоо иштерине тезирээк даярдык көрүүнү тапшырды. Ал эми президент Аскар Акаев Кыргызстанда 11-12-июлда иш сапары менен болгон НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсондон мина коюлган чек араларды жаңы технологиядагы жабдуулар менен тосууга жардам сурады.

Кыргыз бийлигинин чек араны миналардан тазалоо боюнча сунуштарын ырасмий Ташкен буга чейин кабыл албай келатканы белгилүү. Өткөн аптада жыйын курган премьер-министр Николай Танаев Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Чек ара кызматына миналарды тазалоо иштерин тездетүүнү тапшырды. Бул факт ырасмий Бишкек кыргыз-өзбек чек арасын коопсуздандыруу иштерин өз алдынча баштоого киришип калганын айгинелейт.

1999-жылы «Өзбекстан ислам кыймылынын» жоочулары Баткенге кол салгандан тартып ырасмий Ташкен кыргыз-өзбек чек арасын, өзгөчө анын Сох анклавындагы бөлүгүн минага шыкап салган болчу. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы тараткан маалыматка караганда, минага алгачкы жолу 1999-жылы ноябрда кыргызстандыктардын 12 кою, 16 эчкиси жарылган. 2001-жылы 14-апрелде Баткен облусунун тургуну Төлөбаев, 2003-жылы 23-февралда Баткендин Чоңкара айылынын жашоочусу Сатарбек Шамшиев минадан каза табышкан. Баш-аягы 1999-жылдан бери 14 жарылуу болуп, 2 киши каза таап, үчөө оор жаракат алган. Мындан тышкары, калк мал-жанынан ажырап, жалпысынан Кыргызстан Өзбекстандын миналарынан 7 миллион сомго жакын чыгымга учураган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов үстүбүздөгү жылдын 26-февралында Өзбекстандын Бишкектеги элчиси Алишер Салахитдиновго нота кагазын тапшырып жатып, чек араны минадан тазалоону жана мина картасынын бир нускасын берүүнү коңшулардан сураган болчу.

Ушундай шартта кыргыз өкмөтүнүн чек араны миналардан өз алдынча тазалоо иштерине киришип калганы адистер арасында айрым суроолорду пайда кылууда. Улуттук кызыл жарым ай коомунун жооптуу кызматкери Насира Баратбаеванын айтымында, Өзбекстан мина талааларынын картасын Кыргызстанга бере элек шартта жана кыргыз-өзбек чек арасынын талаштуу участкаларын тактоо иштери бүтө электе минадан тазалоо иштеринин башталышы мүмкүн эмес.

- Биз ишти өз алдынча жүргүзө албайт болушубуз керек деп ойлойм. Себеби, чек ара такталмайынча бул иш жүргүзүлбөйт. Азыр Кыргызстандын Чек ара кызматы саперлорун камдап, даяр турат. Ал Өзбекстан менен кат алмашып жатат. Бирок өзбек тарап мина талааларынын картасын бермейинче биздикилер эч нерсе кылалбайт деп ойлойм, - дейт Насира Баратбаева.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги 2001-жылы август айында миналарды өз алдынча тазалоого киришкен. Ал ишке катышкан Коргоо министрлигинин инженердик бөлүмүнүн башчысынын орун басары Таирбек Мадымаровдун айтымында, чек аранын такталып бүтө электигин айткан коңшулар бул ишке дароо каршы чыгышкан. Айтмакчы, кыргыз-өзбек чек арасынын 1295 чакырымынын 667 чакырымы гана демаркацияланган. Таирбек Мадымаров чек ара такталып бүтмөйүнчө минадан тазалоо ишинин башталышына ишенбейт:

- Анткени, алгач чек араны тактоо маселесин Тышкы иштер министрликтеринде чечиш керек. Антпесе, минадан тазалоо иштерин баштоого Өзбекстан макул болооруна ишенбейм. Себеби, мина коюлган жерлер талаштуу болуп эсептелет.

Кыргыз бийлигинин чек араны минадан тазалоо боюнча демилгесине көз-карашын билүү максатында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин жооптуу кызматкери Исмаил Шарапов менен телефон аркылуу байланышсак, андай маалымат бере албастыгын айтты:

- Сиздердин бул сурооңорго элчиликтин жооп берүүгө укугу жок, анын үстүнө бизге андай маалыматтар түшө элек.

Минадан тазалоо иштерин Өзбекстан жакын арада баштабай турганына көзү жеткен кыргыз бийлиги чек араны заманбап жабдуулар менен тосууну сурап НАТОго кайрылды. 11-12-июлда Кыргызстанда болгон НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсонго президент Аскар Акаев Өзбекстан менен болгон чек араны кайтарууга бул аскердик уюмдан жардам сураганы белгилүү болду. Ал тууралуу мамлекет башчысы мындай деди:

- Мен лорд Жорж Робертсон мырзага биздин чек араларды жаңы коргонуучу техникалык тосмолор менен жабдуу боюнча сунуш менен кайрылдым. Анткени мамлекеттин коопсуздугу чек араны бекемдөөдөн башталат. Чек араны мина тосмолору менен эмес, адамга зыяны жок заманбап электрондук жабдуулар менен бекемдеш керек.

XS
SM
MD
LG