Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандын эң ири инвестору болуп эсептелген Дүйнөлүк Банк эмдиги жылдан баштап «Айылдык инвестициялар» деген жаңы долбоорду ишке ашыра баштамакчы. Бул 4 жылга эсептелген долбоор айыл жериндеги жакырчылыкты жоюуга жана айыл өкмөттөрүнүн өз алдынчалыгын бекемдөөгө багытталган. Дүйшөмбү күнү «Пинара» мейманканасында анын бет ачаар аземи өткөрүлдү.

Кыргызстан - аргардык өлкө. Өлкөнүн калкынын үчтөн экиси айыл жеринде жашайт. Ички дүң продуктунун 40% жакынын айыл чарбасы берип, азыр айыл чарбасы тез өнүгүп бараткан менен, айыл тургундарынын 60% ашыгы жакыр жашашат. Мурдагы айылдык кеңештеринин ордуна түзүлгөн 400дѳн ашык айыл өкмөттөрү кагаз жүзүндө гана өз алдынча башкаруу органы болуп эсептелет. Иш жүзүндө алар жөнѳкөй маселени да чечүүгө жөндөмсүз. Каражаттын жоктугунан айылдын мурдагы инфраструктурасы жарым-жартылай гана иштейт.

Дүйнөлүк Банктын бул жаңы долбоору айыл тургундарын демилге көтөрүүгө жана аны чечүүгө үйрөтмөкчү. Долбоор конкреттүү маселелерди чечүүгө, мисалы мектептерди, мончолорду, бала бакчаларды, китепканаларды, жолдорду, ирригациялык объектилерди жана башкаларды калыбына келтирүүгө акча берет. Долбоордун жетекчилери, “анын негизги максаты - айыл жериндеги жакырчылыкты жоюу жана элет жериндеги жамааттардын өз алдынчалыгын бекемдөө” деп эсептешет. Бирок алар долбоордун натыйжасында канча адам жакырчылыктан кутулуп, канча айыл өкмөтү бутка туруп кетээрин айта алышпайт.

- Жакырчылык канчага азаярын айтуу мүмкүн эмес. Бирок биз жакырчылыкты азайтыш үчүн эмне кылыш керек экенин башка жактан келген адамдарга караганда жергиликтүү эл өзү жакшы билет деп ойлойбуз. Эгерде биз жергиликтүү элге каражат берип, микродолбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берсек, алар ал каражаттарды эң маанилүү маселелерди чечиш үчүн колдонот деп ишенебиз, - деди Дүйнөлүк Банктын “Айылдык инвестициялар” долбоорунун жетекчиси Гетц Шрайбер.

Бул долбоорго Дүйнөлүк Банк 15 млн. доллар грант берди. Жапон өкмөтү да 1 млн. 200 миң доллар грант бермекчи. Кыргыз өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 3 млн. доллар чыгарышат. Кыргыз тараптын салымы акча түрүндө эмес, жасалган жумуш, пайдаланылган объектилер түрүндө болот. Долбоорду ишке ашыруу 2004-жылы башталып, 2007-жылы аягына чыгат. Айрым үлгү долбоорлор быйыл август айында эле башталмакчы. Долбоордун жетекчилеринин айтымында, ага өлкөдөгү айыл өкмөттөрүнүн жарымы катышат. Жылына 50 айыл өкмөтү тандалып алынып, 4 жыл ичинде ага баардыгы 200 айыл өкмөтү тартылат.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери жалпы суммасы 1,5 млрд. долларга жеткен көп долбоорлор ишке ашырылган болчу. Бирок алар жакшы натыйжа бербегендиги тууралуу көп сѳздѳр айтылып келатат. Ошондуктан “Бул акча да кумга сиңген суудай жок болбойбу?” деген суроо туулбай койбойт. Анын үстүндө берилип жаткан акча бекер акча экен. Бекер нерсенин баркы болбойт эмеспи.

- Менде андай болбойт деген ишеним бар. Анткени айтып жатышпайбы, “схема азыр тескери болот” деп. Мурда өкмөткө берилип, анан айыл жерине жетчү. Бу жолу акча айыл өкмөттөрүнө түздөн-түз берилет. Бул акча элге даректүү түрдө берилет. “Долбоор элдин, жамааттардын демилгесин колдогон долбоор болот” деп айтып жатышат. Эл өзү көзөмөлдөсө, өзүнүн салымын да кошсо, мен иш үзүрлүү болуп, микрокредиттик долбоорлор астына койгон максатына жетет деп ойлойм, - дейт Айылдардын жана кыштактардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ассоциациясынын төрагасы жана Жергиликтүү жамааттар конгрессинин вице-президенти Курманбек Дыйканбаев.
XS
SM
MD
LG