Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

ПАЛЕСТИН ЖЕТЕКЧИЛИГИНДЕГИ КРИЗИС ЧЕЧИЛДИ


Дүйшөмбү күнү кечинде палестин лидери Ясир Арафат менен жолуккан соң премьер-министр Махмуд Аббас эки ортодогу пикир – келишпестиктер жоюлганын ырастады. Мунун аралыгында Лондондо жүргөн жөөт премьер-министри Ариэл Шарон британ өкмөтүн палестин лидери Ясир Арафат менен алаканы токтотууга чакырып, бирок терс жооп алган.

Премьер-министр Махмуд Аббас өткөн жумада Палестинаны боштондукка чыгаруу кыймылы – ФАТХтын борбордук комитетинен чыкканын жарыялаган эле. Кезинде ФАТХты уюштурууга Ясир Арафат менен катар Махмуд Аббас да катышкан. Кийин бул кыймыл Палестинанын боштондук уюмунун (PLO) өзөгүн түзгөн. Анда Арафат - төрага, Аббас – анын орун басары болчу. Палестин премьери аталган уюмдардын жетекчи органын баш тартып жатышынын себебин ички чыр-чатактарга байланыштырган. Ал Ясир Арафатка жолдогон катында, эгер ФАТХтын борбордук комитети анын премьер-министр катары жүргүзгөн ишин туура эмес көрсө, анда бул кызматты да тапшырууга даяр экенине ишара кылган болчу. Палестин өкмөт башчысы Израил менен сүйлөшүүлөрдө өтө эле жумшактык кылып, талаптарды тийиштүү деңгээлде койо албай жатканы үчүн айыптала баштаган. ФАТХтын борбордук комитети жана Арафат өзү Махмуд Аббастын партиялык кызматтагы отставкасын кабыл алган эмес. Аны бул кадамдардан айнытуу үчүн сүйлөшүүлөр башталган.

Баяндамачылар жана дипломаттар тарабынан болсо эгер палестин жетекчилигиндеги ички жиктелүү күчөп, Аббас премьер-министрлик кызматтан чын эле чегинсе жаңыдан башталган тынчтык жараяны үзгүлтүккө учурайбы деп кооптонуулар айтылып жаткан. Анткени АКШ баштаган эл аралык ортомчулар өздөрү сунуш кылган "Жол картасы" деп аталган тынчтык планын палестин тараптан дал ушул Махмуд Аббастын өкмөтү аткарабы деп үмүттөнүшөт.

Дүйшөмбү күнү кечинде Ясир Арафат менен Махмуд Аббас палестин лидеринин Рамалладагы кеңсесинде жолугушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Аббас өзү жана башка ага катышкан палестин өкүлдөрү да ырасташкандай, ич ара талаштардын баары четтетилди.

Аббас менен Арафат Раммалада кездешип жаткан кезинде, Израилдин премьер–министри Ариэл Шарон, Лондондо британ өкмөтү менен сүйлөшүү өткөрүп жаткан. Ал британ бийликтерин палестин лидери Ясир Арафат менен алаканы токтотууга чакырды. Бирок батыш маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, британ тышкы иштер министри Жек Стро жөөт өкмөт башчысынын сунуштарын четке кагып, Лондон демократиялык жол менен шайланган палестин лидери катары Ясир Арафат менен кызматташтыкты уланта берээрин билдирген. Ариэль Шарон Арафатты палестин премьери Махмуд Аббастын таасирин төмөндөтүп "Жол картасы" тынчтык планын аткаруу аракеттерине тоскоол кылууда деп айыптап жүрөт.

Жакынкы Чыгыштагы жагдай азыр деле морт буюмдун абалында. "Хамас" жана "Исламчыл жихад" уюмдары дүйшөмбү күнү биргелешкен билдирүү таратып, эгер палестин бийликтери алардын колундагы курал–жаракты конфискациялоого аракеттенсе, Израил менен элдешүү жараянынан баш тартарын эскертишти. Израил палестин бийлиги радикал уюмдарды күч менен басып, таратышын каалайт.

Ал эми Израилдин дарегине абактагы палестиндерди бошотууну тездетүү чакырыктары айтылууда. Азырынча жөөт өкмөтү абактагы алты-жети миңдей палестиндин беш пайыздайын гана бошотууга макул болду.

Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү 23 жашар палестин Тель-Авивдеги ресторандардын биринде отургандарга бычак менен кол салганда, бир адам каза таап, эки киши жаракат алды. Израилдин полициясы бул палестин радикалдары элдешүү жарыяланган 29-июндан бери шаарда жасалган алгачкы кол салуу, аны аткарган жаш жигит палестиндердин Израил менен утурумдук элдешүү жараянына кошулбаган "ал-Акса шейиттеринин кошууну" деген уюму менен байланышта турушу ыктымал экенин белгилешти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG