Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

Кытайдын банкы Кыргызстандын карызын реструктуризациялоого макул болду


БИШКЕК. Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы менен Кыргызстандын Финансы министрлигинин ортосунда Мамлекеттик карызды реструктуризациялоо боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду. Жеңилдетилген мамлекеттик негизги макулдашууга тараптар Токмок шаарындагы кагаз фабрикасынын курулушуна байланышкан долбоордун негизинде кол коюшуп, ага ылайык Кытайдын «Эксимбанкы» Кыргызстанга 2001-жылдын апрелинде 100 млн. юань берген. «Акипресс» маалымат агенттигинин жазганы боюнча, 11-июлда Бишкекте кол коюлган Кошумча макулдашуу Кыргызстандын карыздары боюнча Париж клубунун чечимдеринин аткарылышынын алкагында ишке ашууда. Макулдашууга ылайык 2001-2004-жылдары Кыргызстан тарап төлөбөй калган 250 миң долларды 2007-жылдан баштап 10 жылдык мөөнөт менен төлөп берет. Бул каражат - кредитти тейлеш үчүн чыгымдалган каражат жана анын үстөгү.

XS
SM
MD
LG