Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Алматыда КМШнын өзгөчө кырдаал министрлеринин XVII отуруму башталды


БИШКЕК. Бүгүн Алматыда Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өзгөчө кырдаал министрликтеринин мамлекет аралык кеңешинин XVII отуруму өз ишин баштады. Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Эмил Акматовдун маалыматы боюнча, кеңешмеге Кыргызстандан экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев баштаган делегация катышууда. Министрликтин өзгөчө кырдаалдар кызматынын командасы кеңештин 15-17-июлдагы отурумунда өтө турган атайын машыгууларга катышат. Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин мамлекет аралык кеңешинин отуруму жыл сайын өткөрүлөт. Кеңештин Алматыдагы жыйынында КМШ мамлекеттеринин өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин атайын кызматтарынын ортосунда радиоалмашууну жүргүзүш үчүн жыштыктарды аныктоо, ошондой мамлекеттер ортосундагы максаттуу программаларды аткаруунун жүрүшү, кооптуу кырдаал түзүлгөндө КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматына маалымат берүү маселелери талкууланат.

XS
SM
MD
LG