Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Экономикалык Кызматташтык Уюмунун министрлери Исламабадга чогулушту


БИШКЕК. Бүгүн Исламабадда Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин министрлеринин экинчи отуруму өз ишин баштады. Эки күнгө белгиленген бул жыйында экономикалык өз ара карым-катыштын өнүгүшү, бажы режимдерин жеңилдетүүнүн механизмдери, инвестицияны коргоо маселелери талкууланат. Отурумдун акырында макулдашууга кол коюлаары күтүлөт. Макулдашуу өз ара соода байланыштарындагы тоскоолдуктарды жоюуну мүчө-мамлекеттерге милдеттендирет. Отурумга ЭКУга мүчө болгон 10 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Алардын ичинен Түркия, Пакистан жана Кыргызстан - Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөлөрү. Кыргызстандан Исламабаддагы отурумга тышкы соода жана өнөр жай министринин орун басары Муктар Жумалиев катышууда.

XS
SM
MD
LG