Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

ГЕРМАНИЯ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ ИРАК МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮ ҮЧҮН АКШга БАРДЫ


Айданбек Акмат уулу, Прага Ушул жума башында Германиянын Тышкы иштер министри Йошка Фишердин АКШга сапары башталды. Сапар учурунда ал Вашингтонду Ирак боюнча Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жаңы резолюция кабыл алынышына көмөктөшүүгө чакырат. Жаңы чечим Франция менен Германиянын Иракты калыбына келтирүүгө катышуусуна жол ачууга тийиш. Анткени Ирак согушуна каршы чыккан Германия БУУнун жаңы чечимисиз Ирак маселесине аралаша албасын билдирүүдө.

Ирактагы коалициялык аскерлерди колдоого кошумча күч жиберүүнү расмий Вашингтон НАТО уюмуна сентябрь айында сунуштайт деп күтүлүүдө. Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Бела Анданын айтымында, мындай сунуш жайкы эс алуудан кийин НАТОнун Брюсселдеги Кеңешине түшүшү ыктымал. Ага чейин АКШ андай кадамга барбайт, дейт Анда.

Өткөн жумада АКШ Сенаты президент Жорж Бушка Американын Ирактагы 147 миң аскерине колдоо көрсөтүүнү өтүнүп, НАТОго кайрылууну сунуштады. Бул аскерий уюмга мүчө болгон 19 мамлекеттин тогузу Ирак операциясына катышууда. Бирок алар НАТОнун мүчөсү катары эмес, жеке өздөрүнүн демилгеси менен Иракта болууда.

АКШнын бир катар сенаторлору өзгөчө Франция менен Германиянын коалициялык күчтөргө колдоо көрсөтүшүн каалап жатат. Бирок Германиянын канцлери Герхард Шредер немис тарап НАТОнун алкагында Иракка аскер жибере албасын өткөн жума күнү билдирип, БУУнун атайын мандаты менен гана мындай кадамга баруу мүмкүн болорун эскерткен.Андан сырткары Ирактын «убактылуу өкмөтү» жардам сурап кайрылууга тийиш деп эсептейт Германиянын расмий өкүлдөрү. Йошка Фишер мына ушул маселелерди АКШнын вице президенти Дик Чейни, Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен ушул жумадагы жолугушууларында талкуулайт. Бирок Германиянын Ирак маселесине аралашуусу өкмөттө жана парламентте каралаарын белгилеген Фишер, Германия Америка башында турган Ирак коалициясына кошулбасын минтип билдирген:

- Вашингтондо кандайдыр бир жаңы сунуштар пайда болсо, биз аны парламентте жана өкмөттө талкуулайбыз. Биздин Ирак маселеси боюнча турумубуз өзгөрө элек. Биз АКШнын жетекчилигиндеги коалицияга кошула албайбыз.

Германия Иракты калыбына келтирүүгө БУУнун алкагында гана катыша аларын билдирүүдө. Ирак согушуна Германия калкынын 70% каршы чыккан. Жакында эле жүргүзүлгөн сурамжылоодо болсо калктын көпчүлүгү Германия согуштан кийинки Ирак ишине кийлигишпей, гуманитардык жардам көрсөтүү менен чектелиши керек деген оюн билдирген.

Өткөн жумада АКШ Сенатында Иракта Америка аскерлерине кол салуулардын көбөйүшү жана бул операцияны аткарууга каражаттын көп кетип жаткандыгы боюнча талкуу болуп, Сенат НАТОдон колдоо сурап кайрылган. Талкууда АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Ирак операциясы үчүн АКШ ай сайын 3млрд 900млн доллар сарптап, эсептегиден эки эсе көп каражат кетип жатканын маалымдаган.

Германиянын Франкфурт университетинин профессору Гералд Миллер Ирак Американын проблемасы экенин, ага НАТО кийлигишпеши керектигин жактагандардын бири. Анын айтымында:

- Америка менен Англия башка чет мамлекетке өз алдынча кол салып киришти. Эгерде алар басып кирген жеринде кыйынчылыкка учурап жатса, анда ага НАТОнун кийлигишүүсүнүн кажети жок.

Кээ бир эксперттер айрым НАТО өлкөлөрү өз аскерлерин Иракка АКШ жетекчилигинин астында жибербешин эскертип, эгерде НАТО Иракка аскер жибере турган болсо, анда ал аскердик топ өз алдынча жиберилип, АКШ жетекчилигине баш ийбөөгө тийиш, деген оюн билдирүүдө.
XS
SM
MD
LG