Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

КЕЗЕКТЕГИ «ТЕГЕРЕК СТОЛДО» ФЕЛИКС КУЛОВДУН ЭРКИНДИККЕ ЧЫГЫШЫ ТАЛКУУГА АЛЫНАБЫ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 19-июлда өтүүчү «тегерек столдогу» сүйлөшүүгө саналуу гана күндөр калды. Оппозициянын өкүлдөрү өз талаптары аткарылбай турган болсо сүйлөшүүгө барбастыгын ачык билдиришти. Алар койгон 10 талаптын бири - «Арнамыс» партиясынын абакта жаткан лидери Феликс Куловду боштондукка чыгаруу. Бирок бийликтегилер менен жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул өнөктөштүк форумунда мындай талаптын коюлушу туура эмес деп эсептешет.

«Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловду бошотуу талабы биринчи жолу эле коюлуп жаткан жок. Коомчулукта анын эркиндикке чыгышын колдогондор арбын. Андайлар бир эле оппозициянын эмес, бийлик өкүлдөрүнүн арасында да бар. Бирок алар Куловдун боштондукка чыгышы тууралуу маселени ачык айтып чыгышпаганы менен, өз ара сүйлөшө келгенде андай пикирди колдоорун жашырышпайт. Ал эми бийликтин жогорку сересинде отурган кээ бир жетекчилер оюн ачык билдирип, Феликс Куловду бошотуу тууралуу маселени мамлекет башчысынын алдына койгон учурлар да маалым. Алсак, былтыркы «тегерек столдогу» жолугушууда Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев ал маселени ачык көтөрүп, «Топчубек Тургуналиев сыяктуу Феликс Куловго эркиндик берүүгө эмне үчүн болбосун?» деген суроо менен президентке кайрылганы коомчулуктун али эсинде. Мамлекет башчысына мындай сунуштар менен айрым эл аралык уюмдар да кайрылып келет. Бирок азырынча маселе ачык бойдон турат. «Куловдун боштондукка чыгышы мүмкүнбү?» деген суроо менен өкмөттөгү аттуу-баштуу адамдарга да кайрылып көрдүк. Бирок биз менен сүйлөшкөн жетекчилер бул маселеге өкмөт кийлигише албасын сылык түрдө гана айтып, маселени чечүүчү адамдар башкалар экенин кыйытканына күбө болуп келебиз. Демек, Куловдун абактан качан чыгаары али белгисиз. Андыктан оппозициянын өкүлдөрү алдыдагы сүйлөшүүгө бул маселени кайрадан коюп жатканы тууралуу «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикири мындай:

- Биздин бирден-бир койгон маселебиз - бул Феликс Куловдун бошотулушу. «Арнамыс» партиясы жана Кыргызстандагы анын башка жактоочулары, ошондой эле эл аралык айрым уюмдар «Феликс Куловдун камалышы - бул саясий түрдөгү иш» деп баалап келатышат. Ошондуктан Куловду бошотууну талап кылуудабыз. Ал негизги пункттардын бири.

Ал эми Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева мындайча пикирин айтты:

- Эгерде алардын талаптары мыйзам чегинде болсо, анда мен макул болот элем. Бирок соттун өкүмү ушундай чыккан соң, бул маселени сот гана чечиш керек. Бул беш-алты кишинин пикири. «Муштумун түйгөн жаш баладай болуп эле «муну кыл, муну кылбасаң сүйлөшпөйбүз» деген болбойт» деп, алардын өзүнө да айтканбыз.

Чындыгында Феликс Кулов жана анын жактоочулары анын абактагы мөөнөтү июль айында бүткөнүн, андыктан боштондукка чыгаруу керектигин айтып келишет. Аны Кулов мындай деп түшүндүрөт:

- Эки сот болду. Биринчи жолу 22-мартта 4 жарым ай отурдум. Анан дагы болжолу менен 2 жарым жыл отурдум. Экиге көбөйтсө беш жыл болот экен. СИЗОдогу бир күн эки күн катары эсептелет да.

Ушул эле маселе боюнча Кыргызстан демократиялык аялдар партиясынын лидери Токон Шайлиевага кайрылсак, ал бул жөнүндө эч нерсе айта албастыгын билдирди:

- Ар ким өзүнүн оюн айтыш керек. Менин айтаар эч нерсем жок.

Натыйжада Куловдун боштондугу тууралуу маселе алдыда болуучу жолугушууда көтөрүлүшүнө жана анын ишке ашаарына көпчүлүк байкоочулар ишене беришпейт. Айрым саясатчылар «алдыдагы жолугушуунун өзүнөн кандайдыр жыйынтык болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө таасир этүүчү маселе чечилиши кыйын» деген пикирди карманып келишет. Андай пикир менен «Прогресс жана өнүгүү» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев да макул:

- Кайра-кайра эле 2-3 маселенин тегерегинде сүйлөшүү болуп атпайбы. Жаңы, керектүү маселелер коюлбайт. Анан мурда өткөн «тегерек столдордун» натыйжасы болгон жок. Мен бул «тегерек столдун» натыйжасы болооруна ишенбейм.

Кыскасы, «алдыдагы жыйында Феликс Куловдун гана маселесинен эмес, анда көтөрүлүп жаткан маселелерден эч кандай жыйынтык чыкпайт» деген пикирлер да коомчулукта өкүм сүрүп келет.
XS
SM
MD
LG