Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

“Орусиядагы атуулдук коомдун калыптанышы коркунучта” деп эсептешет жоон топ укук коргоочулар


“Орусиядагы ТВС телеканалын жабуу жана “ЮКОС” ишканасынын тегерегинде болуп жаткан окуялар, Орусиядагы атуулдук коомдун калыптанышына олуттуу коркунуч туудурууда. Мындай билдирүүүнү Орусиядагы бир катар адам укугун коргоочу уюмдар, коомдук ишмерлер, журналисттер таратышты. Билдирүүгө адам укуктары боюнча Эл аралык Хельсинки федерациясынын жергиликтүү уюмунун президенти Людмила Алексеева баштаган жоон топ укук коргоочу уюмдардын жетекчилери кол коюшкан. Учурда “ЮКОС” ишканасынын жетекчиси жана анын жогорку даражалуу эки кызматкери Орусиянын тартип коргоо органдары тарабынан кармалып, сурак беришүүдө. Ал эми ТВС телеканалы мындан бир нече күн илгери бийлик тарабынан жабылган.


Кабарлардын түрмөгүн даярдаган-Бакыт Аманбаев, Прага.

XS
SM
MD
LG