Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Израил бийлиги Палестинанын жетекчилигин айыптады


Бүгүн Тел-Авивде палестиналык тургун бычак менен израилдик бир жаранды өлтүрүп, дагы экөөнү жарадар кылды. Мындай кол салуунун жоопкерчилигин палестиналык “ал-Акса шейиттеринин кошууну” мойнуна алды. Буга байланыштуу Израил бийлиги Палестин жетекчилигин террордук “аракеттерди токтотууга кызыкдар эмес” деп айыптады. 29-июнда палестиналык исламчыл топтор менен Израил бийлигинин үч айга чейин кол салышпоо тууралуу келишиминен кийин жөөттөргө каршы ушуну менен эки жолу кол салуу уюштурулду. Мындан сырткары дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү израилдик жоокерлер Иордан дарыясынын батыш жээгинен исламчыл “Фатх” жана “Исламчыл жихад” уюмдарынын алты согушчанын колго түшүрүштү.

XS
SM
MD
LG