Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

ӨНӨРЛҮҮ-БИЛИМДҮҮНҮН КЫЙЛАСЫ КЫРГЫЗСТАНДАН КЕТТИ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Дуйнөлүк тажрыйбада ар бир мамлекет акылдуу, таланттуу жана өтө билимдүү жарандарынан ажырабаганга аракет кылат. Ошентсе да орусча «утечка мозгов» - «акылдуулардын көчү» деп аталган түшүнүк ар бир өлкөнүн башын оорутуп келет. Айрыкча СССР кулагандан кийинки баш-аламандыкта Кыргызстан бир топ бараандуу адамдарынан айрылып калды. Мамлекет тарабынан камкордуктун жоктугу, жашоо-шарттын начардыгы бир топ кайталангыс адамдардын бөтөн элге журт которушуна түрткү болду.

17 жаштагы Эрнесто Инаркиев өспүрүм кезинде эле «шахмат боюнча эл аралык чебер» деп аталган. Европанын, Азиянын, Орусиянын чемпионаттарында эң алдыңкы орундарды ээлеп жүргөн. Дүйнө жүзү боюнча алдыңкы 20 жаш оюнчунун бири катары гроссмейстер деп табылган. Эрнесто Элистага эки жыл мурда көчүп кетти. Калмыкиянын президенти Кирсан Илюмжинов Эрнестого бардык шарттарды түзүп берди. Кайсы мелдешке, дүйнөнүн кайсы бурчуна барса да, Калмыкия өкмөтү бардык чыгымдарды мойнуна алып келет. Жакында эле Бишкектеги тууган-туушкандарына келип кеткен Эрнесто Элистага кетээр алдындагы эки жылын каражаттын жоктугунан текке кетиргени тууралуу өкүнүчүн билдирди. Ошентип Кыргызстан Эрнесто Инаркиев деген кылымда бир төрөлчү дагы бир талантынан куржалак калды.

Соңку кезде бир топ окумуштуулар, спорт чеберлери, искусствонун кайталангыс таланттары Кыргызстанды таштап кетишти. Адатта еврейлердин, орустардын, грузиндердин, немистердин көчүп кетишин бир чети өз элине кошулуу максаты деп түшүнүүгө болот. Албетте, алардын арасында да алтынга алмашкыс мыкты кадрлар бар болчу. Кыргызстандагы жакырчылыктан, аз маянадан жана мамлекет тарабынан кенедей да камкордуктун жоктугунан улам башка улуттан мурун кыргыздар өздөрү да башка өлкөдөн бакыт издөөгө мажбур. Касым Тыныбеков деген күчтүү балетмейстер Сеулда балет мектебин ачып алган. Айсулуу Токомбаева 5-6 жылдан бери Түркияда. Белгилүү жаш кинорежиссер Нурбек Эген Москвада. Ал эми скрипач кыздар Чынара Шаршеева менен Клара Чотоева Лондондо жүрүшөт. 2002-жылы Индонезияда физика боюнча олимпиадада кыргызстандык Мирлан Самиев 300 окуучунун ичинен күмүш медалга татыган. Мирланды АКШнын, Сингапурдун, Орусиянын жана башка бир катар мамлекеттердин өкүлдөрү тегеректеп, окууга чакырышты. Мирлан Сингапурдагы Нянгань университетин тандады. Ушул окуу жайы бул баланы бекер окутууга абдан кызыкты. Көрсө, Мирлан бул университетти бүткөндөн кийин Сингапурда 2 жыл иштеп бериши керек экен.

Бишкектеги Педагогика институтунун директору Сейит Жаанбаевдин айтымында, акылдуу менен таланттуулардын чет жакка кетишине чоң мамлекеттердин да үлүшү бар. Анын пикиринде, Кыргызстандын бир топ кадрларынан айрылышы АКШ өңдүү өнүккөн мамлекеттердин көп жылдардан берки аракетинин жемиши гана эмес, чоң ийгилиги. Тарыхка кайрылсак, АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы 1945-жылы кабыл алган «СССРге каршы согуштан кийинки доктринаны ишке ашыруу тууралуу ой жүгүртүүлөр» деген документте СССРдеги таланттуу жана ашкере акылдуу адамдарды азгырып, аларга өз акылын жана талантын сата билүүнү үйрөтүү максаты коюлган.

Белгилүү адабиятчы жана журналист Абдыкерим Муратов да Кыргызстандан башка мамлекеттерге мыктылардын кетишин социалдык көйгөй катары көрөт.

- Еврей, орус, немис улутундагылар гана эмес, Кыргызстандан кыргыздар өздөрү да кетүүдө. Мисалы, Ош облусундагы белгилүү журналисттер, жазуучулар жана окумуштуулар коңшу Өзбекстанга кетип калышты. Негизи кыргыз бийлиги тарабынан мындай адамдарга бир да камкордук жок. Мамлекеттеги жакырчылыктан, жашоо шарттын начардыгынан идиректүү кишилерди алдырып ийип атабыз. Менимче мамлекеттик деңгээлде атайын программа иштеп чыгып, эми жок дегенде мындан ары акылдуулар менен таланттууларды кармап калганга аракет кылуу абзел, - дейт Абдыкерим Муратов.

Кыргыз спорту да акчанын жоктугунан тукулжурап, кыйындарынан жыл сайын куржалак калып келет. Спорттук баяндамачы Табылды Асыгаливдин айтымында, кыргыз футболу соңку бир жыл ичинде эле 11 чеберинен айрылды.

- Гандбол боюнча дүйнөнүн чемпиону Талант Дүйшөбаевди кыргыз деп сыймыктанып жүрөбүз. Ал Испаниянын жараны болуп, Испаниянын намысын коргоп жүрөт. Кыргыз спорту ушинтип таланттарынан ажырап эле келатат. Соңку бир жыл ичинде футболдон 11 бала башка мамлекеттерге кетип калды. Украинанын, Орусиянын, Өзбекстандын командаларында айына 1,5 миң долларга чейинки маяна алышууда. Биздин футболдо эң мыкты алгандары араң 5 миң сом алса керек, - дейт Табылды Асыгалиев.

«СПИД» борборунун жетекчиси Борис Шапиро кептин баары эле каражатта же камкордукта дегенге кошулбайт. Аны пикиринде, кептин баары көкүрөктө. «Макул, Батыштагы жетишкендиктерди, жаңы технологияны барып үйрөн, бирок өз жериңе кайтып келип, анын өнүгүшүнө салым кошушуң керек», - дейт Шапиро мырза. Анын оюнда, улуту ким болсо да, Кыргызстанда туулуп-өскөндөн кийин бул өлкө үчүн көкүрөгүн патриоттук сезим уялап турушу керек.

Ырасмий маалыматка карасак, «мынча таланттуу адам же момунча кыйын адис өз билимин жана дараметин чет мамлекетте коротууда» деп айтыш кыйын. Улуттук статистика комитетинин жетекчиси Зарылбек Кудабаевдин айтымында, чет жактарга көчүп аткан кыргыздар да арбын.

- Миграциялык процесс көрсөтүп тургандай, Кыргызстандан чыгып кетип аткандар көп. Мисалы, былтыр 2182 кыргыз, жалпы алганда 20351 адам башка өлкөгө көчүп кетти, - дейт Кудабаев мырза.

Быйыл жогорку окуу жайларына тапшырып аткан абитуриенттердин 200дөн жогору балл алган мыктылары өзү каалаган жогорку окуу жайына дароо өтмөк. Алардын 80% Бишкектеги Кыргыз-славян университетин тандашкан. Бул көрүнүш билими терең, мыкты жаштар да келечекте жок дегенде Орусияны мелжеп атканынын далили. Кыргыз-славян университетинин эл аралык факультетинин деканы Салават Усмановдун айтымында, бул окуу жайы Германия, Кытай, Швеция менен келишим түзүп, студенттерин 1 жылга окууга жөнөтөт. «Студенттер бул мамлекеттерге далай жолу окууга кетишти. Бирок, кайра эч кимиси кайрылып келген жок. Ошол жактан окуусун улантып же иштеп калышты», - дейт Салават Усманов.
XS
SM
MD
LG