Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

ТУУРА ЭМЕС МААЛЫМАТТЫН ЖОРЖ БУШТУН ПОПУЛЯРДУУЛУГУНА ТИЙГИЗЧҮ КЕСЕПЕТИ КҮЧ


Айданбек Акмат уулу, Прага Ирактын массалык кыргын салуучу куралга ээ болуу аракети тууралуу Жорж Буш айткан маалыматтар ырасталбай, бул аны бир топ кысталыш абалга коюуда. Мына ушул маселе Буштун болочокто президент болуп кайра шайлануу аракетине залакасын тийгизбейби?

Ирактагы согушка каршы чыккан эки уюм телекөрсөтүү аркылуу бүткүл Америкага президент Жорж Буштун сүрөтүн мындай деген билдирүүлөрү менен коштоп көрсөтүүдө:

- Жорж Буш бизге Ирактын өзөктүк куралынан улам келип чыккан коркунуч тууралуу айткан эле. Ирак уран сатып алууга, өзөктүк куралды иштеп чыгууга аракеттенип жатат деген эле. Ошентип согуш башталган. Бирок алардын баары туура эместиги эми аныкталууда. Дагы эле алданып жатабыз. Ал эми америкалык аскерлер Иракта өлүмгө учурап жатат. Бизге чындык керек, алдоо токтотулсун, - деген сөздөрдү айтууда Буштун сынчылары.

Мындай сөздөргө жалпысынан Ирак согушуна карата америка калкынын пикиринин өзгөрүшү да кошумча болууда. Калк маанайындагы бурулуш Ирактын Африкадан тымызын уран алууга далаалаттанган деген Акүй тараткан маалыматтын калп экендиги аныкталгандан кийин башталган. Бул маалыматтын чындыктан алыс экендигин расмий Вашингтон да жакында ырастады.

Акыркы сурамжылоолор көрсөткөндөй, АКШ калкы баштагыдай Ирак согушун массалык түрдө кубаттабай калды. Маселен, АВС (Эй-Би-Си) телекөрсөтүүсүнүн жана «Вашингтон пост» гезитинин сурамжылоосуна катышкан адамдардын 57% Ирак согушун туура болгон деген. Ал эми апрель айындагы сурамжылоодо алардын 70% согушту оң баалаган болчу. Сурамжылангандардын жарымы Буштун администрациясы Ирак коркунучун апыртып жиберген деген пикирде. «Newsweek» журналынын сурамжылоосуна катышкан адамдардын 38% Жорж Буш Америка калкын атайын адаштырган деген оюн билдирген.

Саясий аналитиктер маалыматтын жалган болуп чыгышы, анын Бушка тийгизээр таасири жана Иракта Америка аскерлеринин курман жатышынын саясий натыйжасы сыяктуу маселелерди иликтешүүдө. Май айынын башынан бери Иракта АКШнын 32 аскери каза болду жана аларга кол салуулар дагы эле уланууда.

Жорж Буш январь айындагы «Америка элине кайрылуусунда» Ирак Африкадан тымызын уран алууга аракет жасап жатат деген. Андан кийинки иликтөөлөр бул маалыматтын чындыктан алыс экендигин аныктаган. Жорж Буштун Конгресстеги оппоненттери жана келечектеги президенттик шайлоодогу атаандаштары мындай учурду колдон чыгарбай, Бушту жана анын администрациясын жалган маалыматты пайдалануу менен Америка калкын адаштырды деп айыптай башташты.

Мурдагы конгрессмен, Буш жетектеген Республикачылар партиясынын мүчөсү Билл Френзелдин айтымында, Жорж Буш чындыкка туура келбеген сөздү айткандыгы үчүн саясий жактан жабыркайт. Френзелдин пикиринде, жалган маалымат Буштун сөзүндөгү негизги тема болгон эмес. Ал Саддам Хусейинден келип жаткан коркунучту көрсөтүүнү каалаган, деген Френзел буларга токтолду:

- Ар качан президент кандайдыр бир алешемдик кетирсе, ага дароо суроолор пайда болот. Туура эмес маалыматтын айтылышы кейиштүү көрүнүш. Бул катачылык президентти кысталыш абалда калтырат.

Башка эксперттер бул окуя президент Бушка олуттуу кесепетин тийгизет деген пикирде. Маселен, Вашингтондогу Жорж Вашингтон университетинин профессору Натан Браун мына ушундай ойдо. Багдад Африкадан жең ичинен уран сатып алууда деген маалымат Иракка кол салууга жол берген негизги аргументтерден болгон, дейт Браун. Анын айтымында:

- 16 сөздөн турган туура эмес маалымат, Иракта массалык кыргын салуучу куралдын изинин табылбай жатышы менен коштолуп жатпайбы. Бул калктын пикиринин өзгөрүшүнө таасир этет.

АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматынын башчысы Жорж Тенет президент Бушка туура эмес маалыматтын берилгенин мойнуна алды. Бирок эксперттер Жорж Буш бул катачылыкты өз мойнуна албаса, ага калктын ишеними кетет деген пикирде. Бир катар адистердин оюнча, эгерде президент Жорж Буш дагы 15 айдан кийин 2004-жылы ноябрь айында боло турган шайлоодо жеңишке жетишүүнү кааласа , анда ал өзүнүн актыгын тез арада көрсөтүш керек.

XS
SM
MD
LG