Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

ТҮРКМӨНСТАНДА ЖОГОРКУ БИЛИМ АЛУУЧУЛАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛДИ


http://gdb.rferl.org/4514D014-C84D-4008-BB13-6435C107195C_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/4514D014-C84D-4008-BB13-6435C107195C_mw800_mh600.jpg Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязовдун жардыгына ылайык, жогорку окуу жайына өтүүнү каалаган улан-кыздар үчүн жаңы чектөөлөр киргизилди. Кыргызстанда университеттердин саны ыксыз көбөйүп кетти деген сындар айтылып жатса, Түркмөнстанда болсо – орто мектепти бүтүрүүчүлөр милдеттүү түрдө эки жыл иштеген соң гана ансыз да азайган жогорку окуу жайларга кирүүгө жолдомо алмакчы.

Газы мол, мунайга бай өлкө Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов билим берүү тамагына кетчү ар акчаны сарамжалдык менен пайдаланууга чакырык салып, мурдагы он жылдык милдеттүү орто мектепти тогуз жылдык кылып кыскартып койду. Ал эми окуучулардын ата-энелери болсо башка пост-советтик өлкөлөрдө он бир же он эки жылдык система киргизилип жатса, түркмөн мектептери тогуз жылдык болуп кыскарганына, жогорку билим алуу деңгээли бул коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу жасалма чектелип калганына кейишет.

Президент Ниязов (айтылуу Түркмөнбашы) жакында орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларына кирүүдөн мурда эки жылдык турмуш мектебинен өтүүгө өз жардыгы менен милдеттендирди. Бул тууралуу президент Ниязов 4-июлда өткөрүлгөн өкмөттүк жыйында мындай деп айтты:

- Быйылкы жогорку окуу жайларына кабыл алынчу улан-кыздар, оболу, сөзсүз түрдө эки жылдык эмгек стажына ээ болушу керек. Орто мектепти бүтө калып келгендерди университеттерге кабыл албоо керек. Алар өздөрү болочокто ээ болгусу келген кесипке ылайык эки жылдык тажрыйба топтоп келиши абзел. Ошондо гана алар өз окуусун дилгирлик, ынтызардык менен уланта алат.

Жаңы киргизилген тартипке ылайык, түркмөн улан-кыздары тогуз жылдык орто мектепти бүтөт. Жогорку окуу жайга өтүүсүн жеңилдеткиси келген уландар оболу эки жылдык милдеттүү аскер кызматына барганы оң. Аскерге барбай калган уландар болсо болочокку абитуриент кыздардай эле эки жылдык мөөнөткө кайсы бир чарбада иштөөсү керек. ЖОЖго өтүүгө ынтызарларды өлкөнүн он жети жогорку окуу жайы күтүп турат. Бирок быйыл болгону 3920 гана улан-кыз студенттикке кабыл алынмакчы. Бул сандык көрсөткүч совет доорундагы түркмөнстандык орточо көрсөткүчтүн чейрегин гана түзөт.

Калкы төрт жарым миллиондой болгон өлкөнүн жаштары үчүн төрт миңдей студенттик орун эмнеге татыйт? Анын үстүнө, чет өлкөлөргө окуу үчүн кетүү мүмкүнчүлүгү да жыл сайын тарыгандан тарууда. Быйыл кышында, Түркмөнбашынын туулган күнү расмий белгиленген 19-февралдан эки күн өтүп-өтпөй, өлкөдө студенттердин чет элдик валютаны сатып алуусуна тыйуу салынды. Каникулга келген нечендеген студенттер кайра окуусуна кете албай, сабактары үзгүлтүккө учурады. Өлкөдөн тышкары чыгуу үчүн виза тартиби да катаалдашты.

Чет өлкөлөргө кетип, калкынын “менталитети бузук болгон” чет жактарда жүрүп президент жазган “Рухнааманы” окубай калган студенттер тийешелүү таалим-тарбиясы жок, бейбаш өсөөрү шексиз, алардын арасында быйыл Түркмөнбашынын туулган күнүндө Маскөөдөгү түркмөн элчилигинин алдына келип демонстрация уюштургандар сыяктуу жосунсуз жоруктарга тап койгондор мындан ары да көбөйүшү ыктымал. Ошондуктан түркмөн өкмөтү студенттердин чет өлкөдө окуусуна өзгөчө олуттуу тоскоолдор түзүүдө.

Түркмөн оппозициясынын өкүлү, расмий Ашгабаттын Анкарадагы мурдагы элчиси Нурмухаммет Ханамов Түркмөнбашынын эгемендик доорундагы олуттуу “маданий революциясы” тууралуу “Азаттыкка” мындай дейт:

- Түркмөнстанда президенттин жардыгына ылайык Илимдер академиясы, опера жана балет театры жана филармония жабылууга дуушарланды. Жогорку окуу жайларда окуу мөөнөтү оболу төрт жылга чейин кыскартылса, эми алар эки жылдык болуп ого бетер кыскарды.

“Ниязовдук реформага” ылайык, эми түркмөн университетинин студенти эки жыл “теорияны” окуган соң, бул теориялык билимин дагы эки жылдык тажрыйбалык билим аркылуу бекемдөөгө тийиш.

Өлкөдө университеттерге кабыл алуу системасы совет доорунан калган паракордук өнөкөтүнөн арыла элек. Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун кабарчысы Арслан Атамановдун жазышынча, Амандурды Гөчев деген жигит былтыр Ашгабаттагы университеттин түркмөн филологиясы факультетине тапшырууга далаалат кылганын, атасы андагы бир “аткаминерге” эки миң доллар пара бергенин, бирок ал акчасы да паралар конкурсунан өтпөй калып, эми окубай жөн жүргөнүн айткан.

Азыркы түркмөнстандык университетти бүткөндөрдүн дипломунун башка өлкөлөрдүн ЖОЖдорунун дипломдору менен теңештирилиши жомокто гана айтылчу окуяга айланчудай. Ошондой болсо да, өз окуусун улантууга, билимин өркүндөтүүгө суусаган түркмөн улан-кыздары быйылкы жайда да колдо болгон мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, чет өлкөлөргө окууга кетүүгө, бери дегенде жергиликтүү студенттик партага жетүүгө далаалаттанып жатканында шек жок.
XS
SM
MD
LG