Бүгүн Косовонун соту Косовонун боштондукка чыгаруу армиясынын талаа командири Рустем Мустафаны 1998-99-жылдардагы жарандык согушта албандарды өлтүргөн деп айыптап, 17 жылга түрмөгө кести. Анын өнөктөштөрү деп айыпталган дагы эки жан-жөкөрүнө 13 жана 10 жылдык түрмө жазасы берилди.