Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

АКШ Түндүк Кореяны өзөктүк программасынан баш тартууга чакырат


Түндүк Кореянын атомдук бомба чыгарууга зарыл плутонийди өндүрүшү катуу тынчсыздантат - деп билдирди АКШ администрациясынын өкүлү Скотт МакКлеллан. Анын айтымында, Түндүк Корея чын эле плутоний өндүрүп жатабы же жокпу ачык белгисиз. Бирок, Түндүк Кореяны бул өзөктүк программасынан баш тартууга АКШ Кытай, Япония жана Түштүк Корея менен бирге аракет көрөт. Бул жөнүндө бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Паэулл жана Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин телефон аркылуу пикир алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG