Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Сапар Орозбаков, Бишкек http://gdb.rferl.org/85D6D565-1B24-4A8B-BF07-FF47CD4FB2D7_w203.jpg Жер реформасы базар экономикасынын талаптарына ылайык кылып суу чарбаларын кайра түзүүнү шарттап жатат. Дүйнөлүк Банктын долбоору суу объектилерин калыбына келтирүүгө жана суу пайдалануучулардын бирикмелерин уюштурууга багытталган.

“Эл башы болгончо суу башы бол” дейт биздин эл. Суусуз айыл чарбасын элестетүү кыйын. Колхоз-совхоздор тарагандан кийин алардын карамагындагы суу объектилери айыл өкмөттөрүнө өткөрүлүп берилип, аларда каражат болбогондуктан, мурдагы арыктар жана каналдар топурак басып, кыйрап, иштен чыккан. Ошентип, азыр сууга бай өлкөдө суу тартыш. Дыйкандар жайкысын суу талашып урушканга чейин барышат. Суу жетпегендиктен көп талаалар иштетилбей калып жатат.

- Колхоз-совхоздордун балансындагы арыктар, каналдар, насос станциялары каралбай, 10 жылдын ичинде алардын көбү иштен чыккан. Ошонун натыйжасында жердин мелиорациясы бузулуп, аны саз менен камыш басып кетти. Таза талаа жок. Ошол ички чарбалык суу объектилерин калыбына келтириш үчүн долбоор кабыл алынган. Бул долбоордун баасы - 27 млн. доллар. 20 млн. долларын Дүйнөлүк Банк берет. Кредиттин үстөк пайызы - 0,75%. Ал 40 жылга берилген. 10 жылга төлөөдөн бошотулган, - дейт Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин алдындагы суу департаментинин директору Жеңишбек Бекболотов. Анын айтымында, долбоор жалпысынан 160 миң гектар жерде жайгашкан суу объектилерин калыбына келтирүүгө багыттылган. Азыр бул иш кызуу жүрүп жатат.

Мурда мамлекеттен сууну колхоз-совхоздор алышчу. Суу объектилерин да алар өздөрү каржылап, жаңысын куруп, эскисин ремонт кылып турушчу. Колхоз-совхоздор таратылгандан кийин алардын ордуна көп сандаган майда дыйкан чарбалары түзүлдү. Каналдар менен арыктарды болсо алар жалпы пайдаланышы керек. Ошондуктан суу пайдалануучулардын ассоциацияларын түзүү зарылчылыгы келип чыкты. Дүйнөлүк Банктын бул долбоору аларды да түзүүгө багытталган. Жеңишбек Бекболотов Кыргызстанда суу пайдалануучулардын ассоциациялары түзүлүп бүткөндүгүн жана алар ийгиликтүү иштеп жатышкандыгын айтат.

- Ички чарбалык каналдарды калыбына келтирип бүткөндөн кийин ассоциацияларга өткөрүп берип жатабыз. Ассоциациялардын ар бири 200-300 гектар жердеги арыктарга, каналдарга жана насос станцияларына кожоюн болуп калышып, чогуу пайдаланышат, - дейт Жеңишбек Бекболотов. Азыр жалпы узундугу 60 чакырым болгон 11 чоң каналды ассоциациялар кредит алып, реконструкция иштерин өздөрү жүргүзүп жатышат.

Суу чарба реформасынын максаты - ошол ассоциациялардын өз алдынчалыгын камсыз кылуу. Азыр бул үчүн мыйзамдык негиз түзүлүп бүттү. Мамлекеттик органдар ассоциацияларга суунун куб. метрин 3 тыйындан берет. Калганын алар өздөрү билишет. Ассоциациялар кааласа бир тыйын, кааласа 2 тыйын кошуп, айырмадан түшкөн акчага өздөрүнүн каналдарын жана арыктарын өздөрү кармап турушу керек.

Эл арасында “суунун акысы көтөрүлөт экен” деген имиш бар. Биз ал жөнүндө сураганыбызда:

- Өзүнүн наркы 30-40 тыйын деп эсептеп жатабыз. Бирок ага чейин депутаттар көтөрбөйт го. Дыйкандар кичине бутуна туруп алгыча өкмөт жардам берип, жарымын компенсация кылып турат, - деди Жеңишбек Бекболотов. Анын айтымында, өкмөт суунун акысын көтөрүп берүү сунушу менен Жогорку Кеңешке күзүндө кайрылмакчы.
XS
SM
MD
LG