Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Баткендин Көкташ айылында кыргыздарга каршы чакырык пайда болду


БАТКЕН. Баткен районуна караштуу Көкташ айылынын башчысы Шермат Айдаровдун бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, айылдын Чекдөбө участкасындагы электр мамысына ушул жуманын башында белгисиз бирөөлөр: «Кыргыздар, жерди таштап чыгып кеткиле!» деген маанидеги сөздөр жазылган тактайчаны илип кетишкен. Орус тилиндеги бул жазууда мындан тышкары бир топ түшүнүксүз сөздөр да кездешет. Айыл тургундары муну Тажикстандын коңшулаш айылдарынын тургундарынан көрүшүүдө. Учурда бул тактайча тиешелүү органдарга тапшырылып, алар иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Көкташ айылынын башчысынын айтымына караганда, тажик тарап чек ара такталмайынча талаш жерлерди иштетпей туруу жөнүндө эки тараптуу келишимди одоно бузуп, талаш жерлерге үй салууга да аракет кылышууда. Маселен, ушул жуманын башында талаш делген аймакка өз алдынча үй салыш үчүн жерпайын түптөп жаткан Тажикстандын Терка айылынын жашоочуларынын аракеттерин жергиликтүү бийлик токтотту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG