БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы адам укуктарын жана эркиндигин коргоо институттарынын катарында Акыйкатчынын ролун жана ордун аныктоого арналган семинар өттү. Ага Акыйкатчынын аппарат кызматкерлери, парламенттин депутаттары, бийликтин, бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында Акыйкатчы институтунун мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар менен кызматташуу проблемалары талкууга алынды.