Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

Өнөктөштүк форуму 21+21+21+21 форматында өтөт


БИШКЕК. «Үчүнчү миң жылдыктагы кыргыз мамлекеттүүлүгү: мамлекеттик бийликтин жана жарандык коомдун өнөктөштүгүнүн жаңы жолдору жана өбөлгөлөрү» аттуу «Өнөктөштүк форуму» 19-июлда «Аларча-4» мамлекеттик резиденциясында болот. Президенттик администрациянын колдоосу астында өтө турган бул форумга мамлекеттик бийликтин, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү 21-21-21-21 форматында катышат. Мындан тышкары, тараптардын ар биринен ондон байкоочу болот. «Тегерек үстөлдө» коомдун өнүгүшүнө бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын кошкон салымына, массалык маалымат каражаттарынын жоопкерчилигине жана бийликтин ачык саясатына байланышкан үч багыттагы маселе талкууланып, аларды биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, «Агым» гезитинин башкы редактору, «Эл» партиясынын жетекчиси Мелис Эшимканов жана «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликова алып барышат. Талкуунун аягында жыйынтык документ кабыл алынат. Форумга президент Аскар Акаев катышып, башталышында жана акырында сөз сүйлөшү күтүлөт. Бул тууралуу маалымат бүгүн уюштуруу комитетинен алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG