Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

ОРУС БАСЫЛМАЛАРЫ: “ЖАҢЫ ОРУСТАРДЫН” ЖАНЫ КАЛААР БЕКЕН?


Муса Мураталиев, Маскөө шаары Маскөөдөн чыкчу гезиттер байма-бай жазып аткан тема - бийлик менен байлардын тиреши болууда. Чеченстан менен Борбор Азия маселелери да көз жаздымда калган жок.

Орус жана батыш басылмаларына көз жүгүртсөк, ЮКОС компаниясынын эки жетекчисин камакка алып, ага кошуп анын президенти Михаил Ходорковскийди тергөөгө алуу окуясы кыйла байларды үрпөңдөтүп салды. Чындыгында чуу боло турган жорукту дагы бир бай Роман Абрамович жасады. Ал 230 миллион доллар каражат коротуп, Англиянын атактуу «Челси» футбол клубун сатып алды. Ал туурасында өкүмөт башчы М.Касьянов гана бир жолу: «Орусиянын ички муктаждыгына акча табылбай атса, чет элдик оюнчуларды каржылашы кандай!» - деп катуу айтты.

Мындай көрүнүштүн себебин жергиликтүү басма сөз каражаттары Ходорковскийге кыр көргөзүү аркылуу бийлик башка байларга “улуу саясаттан алыс жүр” деген эскертүүсүн жасады деп чечмелешүүдө.

Буга ишенсе болот. Эмне дегенде, бир айча мурда ЮКОС компаниясы «Яблоко», СПС, КПРФ партияларын шайлоо учурунда каржылай тургандыгын билдиргенден кийин ал компаниянын жетекчилерин камакка алуу башталды.

Ал эми «The Economist» (07.07.2003) басылмасы жазганга караганда, «Орусияда өтүүчү 2008-жылкы шайлоодо Ходорковский президенттик орунду талашамын» деген.

Албетте Орусиядагы эң бай адамдардын биринин мындай ниети чынында эле иш жүзүнө ашып кетиши ыктымал. Ошондуктан Кремлдин кожоюну ЮКОСтун кожоюнуна алдын ала «керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук» кебин айткан сыяктанат дешүүдө.

Дагы бир топтогу макалалар - Чеченстандагы абалды сыпаттоодо. “Московские новости” (16.07.2003) басылмасынын жазганына караганда, шейит кетип аткан, кара кийип калган жесирлердин жанкечтилик чабуулдарын айтылуу Шамил Басаев уюштурган. Дагы бир гезиттик божомолго караганда, аларды Чеченстандан тышкаркы аймактарда, чет өлкөлөрдө даярдашат. Алардын башында жакында орусиялык аскердин огуна кабылып набыт болгон Гасаев жана анын тобу турган деп да айтылат.

Дагы бир катуу кепке алынып аткан тема - Борбор Азия өлкөлөрү менен ири державалардын өз ара мамилеси болууда.

”Красная звезда” (15.07.2003; Роман Стрешнев) гезити жазганга караганда, мурунку аптада НАТОнун жетекчисинин Борбор Азияга барып кетиши ал региондун азыркы туштагы көңүлдүн чордонунда турган чөлкөм экенин билдирет.

Жорж Робертсон мырза Казакстан менен Кыргызстанга иш сапары учурунда Борборазияга мындан ары Түндүк Атлантикалык альянс өзгөчө көңүл бура тургандыгын билдиргенин газета баса белгилейт.

«НАТО, баарындан мурда АКШнын атынан Кыргызстанга кийинки учурда 500 миллион долларга чукул жардам берген. Ошол эле учурда Кыргызстанда террорчулукка каршы күрөшүүчү КМШлык коалиция бар», - деп жазат газета. Макала автору андан ары «Манас» аба майданында турган АКШ, Италия, Дания, Голландия, Түштүк Корей аскер кызматындагыларга орусиялык аскер кызматындагылар Кантта түзүп аткан аскер базасы атаандаш боло тургандыгын айткан.

Борборазиядагы коңшу мамлекеттер бири-бири үчүн ошончо эле коркунучтуу эмес экендигин Маскөөдөгү Корнеги борборунун төрагасына орун басар Дмитрий Тренин мындай деп жазды:

«Коркунуч кошуна мамлекеттеги түзүлүштөн эмес, коркунуч - өзүнчө уюшуп аракет кылган террорчулардан, экстремисттик күчтөрдөн келип атат. Алардан бир эле региондогу мамлекеттер эмес, региондон канча алыс жаткан Кошмо Штаттары кооптонуп атышат».


”Новые известия” (16.07.2003) Бишкекте жаңы Борборазиялык Өнөр Академиясы ачылгандыгы туурасында жазат. Ал коомдук илимий мекеменин максаты Азиянын өнөрүн бириктирип, байытуу деп айтылган. Ал долбоорду турмушка ашырууда Сорос кору көмөк кргөзгөн. Илимий мекеменин тушоо кесүү тоюна Кыргызстандан сырткары Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан аттуу-баштуу өнөрпоздор чакырылганы макалада айтылат.
XS
SM
MD
LG