Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР «ӨНӨКТӨШТҮК ФОРУМУНДА» КӨТӨРҮЛӨ ТУРГАН МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА МАКУЛДАШТЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 16-июлда Бишкекте саясий партиялар 19-июлда өтө турган «Үчүнчү миң жылдыктагы кыргыз мамлекеттүүлүгү: мамлекеттик бийлик менен жарандык коомдун өнөктөштүгүнүн жаңы жолдору жана өбөлгөлөрү» аттуу жыйынына сунушталчу маселелерди талкуулашты. Жыйынды «Өнөктөштүк форумунун» уюштуруу комитетине мүчө болгон «Менин өлкөм», «Арнамыс» жана «Атамекен» партиялары уюштурушту.

Жыйындын башталышында айрым өкмөтчүл партиялар “Кыргызстандагы партиялардын максаттары бир болгону менен, алар бир позицияда боло алышпайт, келечекте партияларды бириктирүү принциптерин иштеп чыгыш керек” деген пикирлерин кескин айта башташты. «41 партия өзүнүн жаратылышында сол партия, оң, центристтик партия деп бөлүнөт. Каяктан жүрүп бир позицияга келиши мүмкүн? Мүмкүн эмес», - деди «Биримдик» партиясынын төрагасы Карыпбек Алымкулов.

Жыйында талаш-тартышты пайда кылган негизги маселелердин бири - партиялар тарабынан шайлоолорго пропорционалдык системаны киргизүү болду. Социал-демократиялык, «Арнамыс», «Менин өлкөм» жана башка бир катар партиялар «бул маселе «Өнөктөштүк форумунда» саясий партиялар тарабынан козголо турган негизги маселе» дешсе, «Биримдик», «Жаңы Заман» партиялары «Кыргызстандагы саясий партиялар азыркы тапта пропорционалдык системанын негизинде шайлоого катышууга даяр эмес» деген пикирлерин айтышты.

- Биз партиялардын саясий аренада жетиштүү түрдө такшала электигин көрүп жатабыз. Ошондуктан Жогорку Кеңешке шайлоого пропорционалдык системаны киргизүү азыр эртелик кылат. Биз Аксы окуяларында парламентте эмне болуп жаткандыгын көрбөдүкпү. Парламентте иш жүзүндө жарандык согушка чакырык болгондой эле болду. Бул коркунуч азыр да орун алууда. Менин пикиримде, бул саясий партиялардын жетиштүү түрдө өнүгө албай жаткандыгына байланыштуу, - деген оюн билдирди «Жаңы Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Болотбек Бегалиев.

Социал-демокартиялык партиянын лидерлеринин бири Акылбек Жапаров «партиялардын партиялык тизме боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого катыша албай калышына оппозиция менен бийлик күнөөлүү» деген оюн айтты.

- Социал-демократиялык партия келе жаткан форумда «Жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтөбү?» деген маселелер боюнча бир жактуу жооп алышы керек, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.

Ал эми «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев болсо, «бул форумда өлкөдө сот реформасын жүргүзүү, маалымат каражаттарынын эркиндиги, шайлоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына партиялардын өкүлдөрүн киргизүү сыяктуу маселелер каралууга тийиш» деген пикирин билдирди.

Жыйындын айрым катышуучулары болсо, «партияларга маалымат каражаттарын пайдаланууга бирдей мүмкүнчүлүк берүү маселеси да «Өнөктөштүк форумунда» каралышы керек» деген ойду айтышты.

- «Менин өлкөм», «Жаңы заман», «Адилет» өңдүү партиялар мамлекеттик маалымат каражаттарын пайдаланууга толук мүмкүнчүлүктөргө ээ болгондугу жакшы. Бирок, «Арнамыс», «Атамекен» сыяктуу партиялар өздөрүнүн кандайдыр-бир билдирүүлөрүн же сын-пикирлерин мамлекеттик маалымат каражаттарында жарыялоого укуктары жок да. Бийлик бардык партияларга карата тең мамиле кылышы керек. Бардык партиялар тең мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек, - деди «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликова.

- Бул форумда биринчи иретте өлкөдөгү экономикалык абал, коррупция маселеси талкууланышы керек. Азыркы абалдан кандай чыгабыз? Бийликтин өкүлдөрү чогулган жыйында ушул маселелерди талкуулаш керек, - деди «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев.

Жыйындын соңунда партиялар «Өнөктөштүк форумунда» парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго пропорционалдык системаны киргизүү, сөз эркиндиги, партиялардын маалымат каражаттарындагы теңчилиги, мамлекет тарабынан партияларга карата бирдей камкордук көрүлүшү, шайлоолорго гендердик квота киргизүү маселелерин көтөрүүнү макулдашышты. Андан тышкары, партиялар өлкөдө жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөттөрүнө байланыштуу маселени да көтөрүшмөкчү.

Ал эми буга чейин «А. Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы 19-июлда боло турган форумдун ишине катышпай тургандыгын расмий түрдө билдирген. Кыймылга «Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», «Асаба», «КДК» партиялары, Кыргызстан коммунисттик партиясы ж. б. кирет.

XS
SM
MD
LG