Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

АКШнын АСКЕРИЙ ЖЕТЕКЧИСИ ИРАКТА ПАРТИЗАНДЫК СОГУШ ЖҮРҮП ЖАТКАНЫН МОЮНГА АЛДЫ


АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Жон Абизайд Иракта партизандык согуш жүрүп жатканын моюнга алды. Америкалык жогорку даражалуу генералдын айтымында, каршылык көргөзүү аракеттери барган сайын уюшкан мүнөзгө ээ болууда, бирок кездешип жаткан кыйынчылыктарга карабай аскерлер бул өлкөдөгү вазийпасын аягына чыгарат.

Генерал Жон Абизайд АКШ армиясынын Борбордук командачылыгын ушул айдын башында эле отставкага кеткен генерал Томи Фрэнкстен өткөрүп алды. Ал эми америкалык аскерлердин Ирактагы ишине жооп берет. Азыр Иракта АКШнын 147 миңдей, коалициянын 13 миңдей жоокери бар. Генерал Абийзад белгилегендей, саны боюнча алар Иракта коопсуздукту сактоого жетиштүү. Анткен менен Иракта ушу тапта коалициянын аскерлерине капыстан, байкатпастан туруп жасалган кол салуулар дээрлик күн сайын катталууда. Атүгүл Багддадын аба майданына конуп жаткан учактарга ракеталык чабуул жасала баштады. Мындай окуя соңку эки аптанын ичинде эки ирэт болгон.

Президент Жорж Буш негизги аскерий операциялар аяктады деп жарыялаган 1- майдан бери эле 30тан ашуун америкалык жоокер каза тапты. Генерал Жон Абизайд АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы катары өзүнүн алгачкы брифингинде моюнга алгандай, каршылык көргөзүү аракеттери деңгээли төмөн экенине карабай барган сайын уюшкан мүнөзгө ээ болууда жана ирактыктар колдонуп жаткан ыкманы "партизандык согуш" деп мүнөздөсө жарашат.

- Бул биздин доктринабыздын шартынан алганда интенсивдүүлүгү жогору эмес согуш. Бирок бул – согуш. Мындай өзгөчө проблемага кабылган аскерлер жогорку чеберчилигин көргөзүүдө. Биз алты-сегиз адамдан турган чакан топторго туш келип жатабыз. Балким, алар каржылык жардамды чөлкөмдүк деңгээлдеги жетекчилеринен алышууда. Менимче муну бизге каршы багытталган партизандык тактика деп мүнөздөсө болот.

Баяндамачылар АКШнын аскерий жетекчилери "партизандык" деген терминди алгачкы ирээт колдонгонуна көңүл бурушту. Коргоо министри Дональд Рамсфелд баш болгон Пентагондун расмий өкүлдөрү буга чейин Ирактагы каршылык көргөзүү акциялары чар–жайыт экенин, партизандык согуш катары сыпаттоого жарабай турганын айтып келишкен эле. Коргоо министри Дональд Рамсфелд бул тууралуу мындан эки апта мурда эле билдирген. Эл аралык басма сөздө Иракта туруу мөөнөтү узарып жатканына байланыштуу америкалык аскерлер арасында нааразылык бар экени жөнүндө да айтылууда. Борбордук командачылыктын башчысы Жон Абизайд ишендиргендей, кездешип жаткан кыйынчылыктарына карабай аскерлер Ирактагы вазийпасын соңуна чыгарат.

- Биз кесипкөй жоокербиз.Биздин алдыбыздагы эң башкы нерсе – улуттун вазийпасын аткаруу.Улуттун вазийпасы Иракта стабилдүүлүккө жетишүүдө, Баас режиминен келген коркунучтарды жок кылууда, биз азыр туш болуп жаткан террордун коркунучун жеңүүдө турат.

Мунун аралыгында, БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр арасында уюмдун Ирактагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү маселеси боюнча жаңы сүйлөшүүлөр башталганы маалымдалууда. Коопсуздук кеңешинин азыркы төрагасы – Испаниянын БУУдагы элчиси кабарчыларга эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастап, Испания Ирактагы коалициялык күчтөргө тартылган өлкө катары БУУнун мандаты кеңейтилишин колдоорун белгиледи. Кабарларга караганда, азыркы сүйлөшүүлөр Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн Иракка бейпилдик аскерлерин жиберүүсүнө жол ачууга багытталган. Маселен, Франция, Германия, Индия сыяктуу өлкөлөр Иракка өз аскерлерин БУУнун мандатысыз жөнөтүүдөн баш тартышкан эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG