Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Француз саякатчысы, мотоциклист Жерар Старк 12-июлда Бишкек-Ош автотрассасынын 252-чакырымында кырсыкка учурап каза болгон. Анын сөөгү 17-июлда мекенине жөнөтүлдү. Мындан бир аз мурда эктремалдык спортчу, француз Доминика Роберт жана түркиялык фотожурналист Яшар Угур да кыргыз жергесинде ажал тапкан.

Франциянын Кызыл чырым коомунун волонтеру, радиожурналист, «Формула-3» автожарышынын мурдагы катышуучусу Жерар Старк 1997-жылдан бери жер шарын кыдырып, 149 өлкөнү мотоцикли менен аралаган. 6 жыл аралыгында 255 миңден ашуун чакырым аралыкты багындырып, Африканын 70° С ысык чөлдөрүн, түндүктүн жан чыдагыс суук жерлерин да басып өткөн. Ал Европадагы, Азиядагы, Африкадагы жана Латын Америкасындагы Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун ортосунда достуктун данакери болуп жүргөн.

57 жаштагы Жерар кыргыз жергесинде 6-июлда болуп, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлерине өзүнүн дүйнө жүзүндөгү саякаты жөнүндө кең-кесири айтып берген эле. Кыргыз жергесинин кооздугуна суктанып, кол өнөрчүлүк буюмдарын жогору баалап, өлкө жөнүндө толук маалыматтарды алган. Ал түгүл бишкектик тентектер аны тоноп, мотоциклин тартып алууга да аракет кылышкан. Мындай окуялар дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө болгонун, көп ирет тонолуп, мотоцикли талкаланганын да айтып, кечиримдүүлүгүн көрсөткөн. Жерар 8-июлда Бишкектен Алматыга жөнөп, андан кийин Ташкенге барууну көздөгөн. Алматыдан 11-июлда кайра Бишкекке келген. Өзүнүн дүйнө кыдырган саякатын ушул жылдын аягында Женевада соңуна чыгаарын билдирген эле.

Бирок Жерар Старк тилегине жетпеди. Бишкек-Ош автожолунда 12-июлда кечинде автокырсыкка учурап, кыргыз жергесинде каза болду. Анын сөөгү Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун көмөгү менен 14-июлда Бишкекке алынып келинди. Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун жана Франциянын элчилигинин жардамы менен ал 16-июлда Алматы аркылуу мекенине жөнөтүлдү. Маркум Жерар жана болгон кырсык жөнүндө Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун басма сөз катчысы Назира Баратбаева мындай деди:

- Жерар дүйнө жүзүнө белгилүү инсан эле. Быйыл өзүнүн жүрүшүн аяктамак болгон. Ал өлкөлөрдү жөн эле кыдырбай, гуманитардык миссия менен жүргөн. Ар бир мамлекеттин Кызыл чырым же Кызыл жарым ай коомдору менен жолугушуп, достоштуруп, тааныштырып келген болчу. Бизге Армениянын Кызыл чырым коомунун белектерин алып келип, өзүнүн саякаттары жөнүндө кызыктуу аңгеме куруп берген. Биз да ага кыргыз сувенирлерин берип, Алматыга 8-июлда узатканбыз. Бирок өткөн жума күнү Бишкекке кайтып келген. Биз аны 12-июлда эртең менен Ташкенге узаткан элек. Ал байыркы Ош, Жалалабад шаарларын көрүп, андан ары сапарын Ташкенге уламак болгон. Тилекке каршы, Бишкек-Ош жолунда Чычкан капчыгайында каршы келаткан «Ауди» үлгүсүндөгү автомашина менен кагышып, кырсыкка учураган. Ошол «Ауди» машинасынын ээси аны Токтогулдагы ооруканага жеткирген. Бирок Жерар 2 сааттан кийин көз жумган. Бул кырсыкка ким күнөөлүү экендигин азыр айтуу эртелик кылат. Тергөө жүрүп жатат. Бирок, Франциянын элчилиги «сүзүшкөн автомашинанын ээсин күнөөлөбөйбүз, бул кырсык» деп атат.

Жерар Старк жаш кезинде автожарыш, авиация жана парус спорттору менен машыккан. Ал түгүл дүйнөгө белгилүү «Формула-3» автожарыштарына да катышкан. 6 жылдан бери жер шарын кыдырып, Эл аралык кызыл чырым жана кызыл жарым ай федерациясынын элчиси катары таанылган.

Кыргыз жергесинде июнь айында өтүп, Франция жана Кыргызстан тарабынан уюштурулган эктремалдык спорт боюнча дүйнөнүн чемпионатына дүйнөнүн 18 өлкөсүнүн 39 командасы катышкан эле. Тобокелге бел байлаган спорт менен туризмди айкалыштырган «Ред Голуаз» мелдеши 10-июнда Жетиөгүздө башталып, жарыштын экинчи күнүндө кырсык болуп, Франциянын командасынын мүчөсү, 46 жаштагы Доминик Роберт жел кайык менен Кызылсуу дайрасында сүзүп баратып, каза болгон. Ал лыжа жана тоо спорту менен көп жыл машыгып, такшалган чебер болсо да, тоо суусунда кайыгынын жели чыгып, ажал тапкан.

Ошондой эле Түркиянын «Атлас» журналынын фотокабарчысы, альпинизм спорту менен машыккан Яшар Угур Улуожак 2-июлда кечинде Бишкекке жакын Аларча капчыгайындагы Текетөр деген бийик тоолуу жерден жыгылып, 150 метр жерге чейин кулаган. Бул жигит жыгылганда башы ташка тийип, ошол жерден эле жан берген. 2 күндөн кийин гана Түркиянын элчилигинин жардамы аркылуу вертолет менен барышып, Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары маркумдун сөөгүн алып, мекенине жөнөтүшкөн. «Атлас» журналынын фотокабарчысы Яшар Угур Кыргызстандагы «Аксай тревел» туристтик компаниясынын чакыруусу боюнча кыргыз жергесине келип, Кыргызстандын жаратылышы, туризми жөнүндө фотоматериалдарды даярдап жүргөн. 11-июлда Түркияга кайтмак, бирок ал да тилегине жетпеди. «Заман Кыргызстан» гезитинин кызматкери Атыф Аланын айтымында, Кыргызстанга келип иштеп же турист болгон он бешке жакын түрк атуулдары ар кандай кырсыктардан каза болушкан. Мунун ичинде тапанча менен атайын атылып, бычак менен сайылып өлтүрүлгөн бизнесмендер да, жол кырсыгынан ажал тапкандар да, өзүн өзү өлтүргөндөр да бар.

Былтыр да германиялык альпинист кыргыздын аскалуу бийик тоолорунан кырсыкка учурап, кайтыш болгон. Кыргызстандын Альпинизм федерациясы, Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети, Экология жана чукул кырдаалдар, Ички иштер, Тышкы иштер министрликтеринде Кыргызстанда канча чет өлкөлүк атуул каза болгондугу жөнүндө так маалыматтар жок. Туристтик фирмалар «кадыр-баркыбызга доо кетет» деп, мындай фактыларды жаап-жашырып коюшат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG