Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

ЭМНЕНИ ЭКСЕҢ, ОШОНУ АЗЫКТАНАСЫҢ


Айнура Жекше кызы Генетикалык жактан жакшыртылган же модификацияланган азык-түлүк маселесине байланыштуу бул жааттагы технология боюнча дүйнөлүк лидер болуп эсептелген АКШ менен Европа Биримдигинин ортосундагы талаш-тартыш уланууда. Европалык керектөөчүлөрдү ошондой тамак-аш адамдын ден соолугуна жана айлана чөйрөгө залакасын тийгизип жүрбөсүн деген суроо түйшөлтүүдө. Буга байланыштуу биримдик модификацияланган продукцияны импорттоого тыюу салган.

Соңку жылдары илимпоздордун аракеттери менен ар кыл зыянкеч курт-кумурскаларга туруштук бере ала турган генетикалык жактан жакшыртылган өсүмдүктөрдү айдап өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми дыйкандар кымбат баалуу химиялык заттарсыз эле түшүм ала алышат. Бул технология өзгөчө Кошмо Штаттарында өнүккөн, анын жолун эми көптөгөн өнүгүп келаткан өлкөлөр да жолдой башташты. Арийне, Евробиримдиктин бул маселеге карата көз-карашы түп тамырынан айырмаланат. Генетикалык жакшыртылган азык-түлүк адам баласынын саламаттыгына билинбей отуруп зыян тийгизип, айлана чөйрөнүн булганышына алып келиши ажеп эмес деген коомчулуктун пикирине таянып, Евробиримдик беш жыл илгери ошондой продукцияны импорттоого тыюу салган болчу.

Еврокомиссия генетикалык модификацияланган азык-түлүккө каршы эместигин белгилеп, бирок мындай чара кардарлардын талабына ылайык жасалганын ырастайт. Комиссиянын басма сөз өкүлү Беата Гминдер мындай дейт:

- Окумуштуулардын иликтөөлөрүнөн кийин Европада генетикалык жактан жакшыртылган продукцияга уруксат берилсе, алар керектөөчүлөрдүн ден соолугу үчүн кадыресе тамак-аштан кооптураак болот деп ойлобойм.

Экологдор болсо, өз кезегинде, жапайы өсүмдүктөр менен кыйыштыруу отоо чөптүн жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна алып келип, табигый чөйрөнү бүлгүнгө учуратат деген кооптонуусун айтып келишет.

АКШ Аргентина жана Канаданын колдоосу менен Дүйнөлүк соода уюмуна Евробиримдикке каршы доо арыз менен кайрылган эле. Анда Евробиримдик тарабынан илимий далилдерге негизделбей эле генетикалык жакшыртылган азыктын импорттолушуна тыюу салынуусунан улам, америкалык фермерлер жүз миллиондогон доллардык чыгашага учурап жатканы айтылат.

Евробиримдик соңку кездери бул жаатта компромисс табууга аракет жасай баштады. Ушул айда Европарламент мызам топтомун кабыл алды. Ага ылайык, биримдиктин аймагында сатыкка түшкөн генетикалык жакшыртылган азык-түлүк атайын белги менен камсыздалышы керек:

- Ошондой белгиси бар продукт саламаттыкка коркунуч туудурат дегенди билдирбейт. Ал тек гана биздин керектөөчүлөрдүн тандоо жана маалымдар болуу укугунан келип чыккан чечим, - дейт Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Гминдер.

Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Италия бул кадам жаңы продукцияларга мораторийдин тез арада жоюлушуна жол ачат деген ойдо. Өткөн жумада өлкөнүн айыл чарба министри Жованни Алеманно генетикалык модификацияланган азыкты импорттоого карата чектөөлөр жылдын аягына чейин алынып салышы ыктымал деген божомолун айтып чыкты. Ал эми Европада генетикалык жактан жакшыртылган дан эгинин колдонууга уруксат берген эрежелердин иштелип чыгышына дагы бир нече ай талап кылынат.

Бирок биримдиктин мындай демилгелерин мухиттин аркы өйүзүндөгү дыйкандар жетиштүү деп эсептебейт. Себеби, атайын белгилерди чаптоо кардарларды генетикалык жакшыртылган продукциядан оолак турууга түртөт. Анын үстүнө биотехнологиялык фирмалар биримдиктин катаң чектөөлөрүнөн улам, фермерлерди тобокелдикке салбай, генетикалык жакшыртылган урукту себүүдөн баш тартууга үгүттөшү да мүмкүн.

Ошентсе да, Евробиримдик өз турумунанан тайбай тураарын баса белгилейт.

- Америкалык дыйкандар өз түшүмүн сатабыз дешсе, керектөөчүлөрдүн каалоолорун урматташы абзел”, - дейт Гминдер айым.

Лондондондук аналитик Катинка Барыш “Азаттыкка” берген интервьюсунда бул маселеде Евробиримдик өзү ара жолдо деген пикирин ортого салды:

- Бир жагынан, биримдик өзүн заманбап технологияларды колдонгон, келечекти көздөгөн структура катары көргөзгүсу келип, генетикалык модификацияланган азык-түлүк маселесине келгенде бир аз либералдуу болуунун каалайт. Экинчи жагынан, ал өз жарандарынын кооптонууларына кайдыгер мамиле жасай албайт.

Ал эми Евробиримдикке талаптанып жаткан өлкөлөрдө бул жааттагы кырдаал бир беткей эмес. Ал жерлерде биримдиктин эрежелери али киргизиле электигине карабай, талапкер-мамлекеттер АКШ менен да Евробиримдик менен да мамилелерин бузгусу келбейт. Мисалы, Польша жана Словения органикалык өсүмдүктөргө көбүрөөк ык коюшат, ал эми Румыния болсо генетикалык жактан жакшыртылган тамак-ашка артыкчылык берет. Жакында айлана чөйрөнү коргоочулар Румынияда былтыр 100 миң гектар жерден алынган соя буурчагынын түшүмүнүн жарымы модификацияланган үрөндөн алынган деген айыптоосун жарыялашты.
XS
SM
MD
LG