Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

ӨЗБЕК ЧЕКАРАЧЫСЫНЫН КОЛУНАН КЫРГЫЗСТАНДЫН АТУУЛУ НАБЫТ БОЛДУ


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары 16-июль күнү кечке маал кыргыз-өзбек чекарасында Өзбекстан чекарачылары аткан октон Кыргызстандын атуулу, 22 жаштагы Адылжан Үркүнбаев каза тапты. Кыргыз-өзбек чекарасындагы бул ок атуу алгачкы жолу болуп отурган жок. Эки мамлекет тарабынан түзүлгөн бир катар келишимдерге карабай, чекарада улам кайталануучу мындай окуялар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле татаал бойдон калганын айгинелейт.

Кыргызстандын атуулу Адылжан Үркүнбаевдин өзбек чекарачыларынын огунан каза болгону эки өлкөнүн мамилесине кайрадан көлөкө түшүрө турган окуя болуп калды. Анын үстүнө 9-июлда Ташкенде өткөн кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынтыгын журналисттерге бурмалап маалымдады деп Өзбекстан тарап кыргыз делегация башчысы, республиканын ЕврАзЭС мамлекеттериндеги вице-премьер даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетовго кине койгондон эки күн өтпөй эле, чекара чыр-чатагынан минтип адам жаны кыйылып отурат.

Адылжан Үркүнбаев Өзбекстандын чекарасы айынан каза тапкан биринчи кыргыз жараны эмес. Баткен облусунун аймагында өзбек чекарачылары кыргызстандыктарга карай аткан октор кайып-жазып гана бутасына тийбей калган учурлар буга чейин көп катталган. Сох анклавын курчай коюлган өзбек миналарына жарылып каза тапкан Баткендин эки тургуну да чекара чыр-чатагынын курмандыктары болду.

Адылжан Үркүнбаев үстүбүздөгү жылдын январь айында Өзбекстан тарап Кыргызстанга эскертпей туруп бузуп салган «Достук» көпүрөсүнүн жанында ок жеп өмүрүнөн айрылып отурат. «Достук» көпүрөсүнүн бузулушу чындыгында эле эки мамлекет ортосунда түзүлгөн достук мамилелерине көлөкө түшүргөндөй таасир калтырат. Кыргызстандын өзбек улутундагы атуулу Адылжан Үркүнбаев Шаарихансай суусунун аркы жээгинде жашаган өзбекстандык туугандарына катташып турууну эңсеген миңдеген карасуулук тургундардын бири болгон.

Кыргызстандын ЕврАзЭС мамлекеттериндеги вице-премьер деңгээлиндеги өкүлү Базарбай Мамбетовдун айтымында, Адылжан Үркүнбаев Я.Осмонов, Я.Тешебаев жана Н.Гүлчиев аттуу шериктери менен Шаарихансай суусуна салган жыгач көпүрө аркылуу Өзбекстандын аймагына өтүшкөн. Бул жыгач көпүрө “Достук” көпүрөсү бузулгандан кийин кыргызстандыктар тарабынан батыш өйүздөгү кылымдап катташып келаткан туугандарына барып-келүү үчүн салынган болчу.

- Өзбек аймагында алардын ортосунда чыр чыккан. Натыйжада, бир өзбек чекарачы кыргызстандык Низамжан Гүлчиевди мылтыктын кундагы менен бетке чапкан. Жаракат алган Гүлчиевди анын достору көпүрө аркылуу Кыргызстандын аймагына өткөрүп жиберишкен. Мына ушул учурда Адылжан Үркүнбаевге каршы өзбекстандын белгисиз чекарачысы ок атып, андан Үркүнбаев дароо каза болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду, - деди окуя тууралуу Базарбай Мамбетов.

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын өкүлү Үсөн Полотовдун айтымында, кыргызстандыктар чекараны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасашканда, буга макул болбогон аскерлер ок чыгарышкан:

- Алар чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылышкан. Анан чыр чыккан.

Чекара менен байланыштуу чыңалган кырдаалды жумшартуу максатында Кыргызстан тарап «Кыргыз-өзбек чекарасындагы ишеним чаралары жөнүндө» меморандум долбоорун иштеп чыгып, аны өткөн жылдын декабрь айында эле Өзбекстан Тышкы иштер министрлигине тапшырган. Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин Шериктеш мамлекеттер башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун”Азаттыктын” кабарчысына бүгүнкү айтымында, коңшулар азырынча ал документке оң же терс жообун билдирише элек. Ошого карабай, Эркинбек Мамкуловдун айтымында, чек ара жаңжалы тууралуу тийешелүү маалымат иликтенип, айып коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабында экендиги тастыкталган соң, Кыргызстан бул жолу да буга чейинкидей эле Өзбекстандын чекарачылары укук нормаларына сыйбаган айрым жоруктарды жасап жатканын жана мындай көрүнүштү болочокто эч болтурбоо зарылдыгын айтып, Ташкенге ырасмий нааразылык катын жөнөтмөкчү.

Кыргызстан тышкы иштер министрлиги чекарадагы мындай окуяларды токтотуу максатында жана мина коюу, ок атуу сыяктуу аскерий кадамдарга чек коюу максатында өзбекстандык кесиптештерине далай ирет нота жиберди. Бирок, ырасмий Ташкен 1295 чакырымды түзгөн кыргыз-өзбек чекарасынын 667 чакырымы гана такталганын жана талаштуу жерлердин көптүгүн айтып келет. Ал Кыргызстанга чектеш чек ара тилкесине бир тараптуу түрдө мина коюу чараларынан да алигиче баш тарта элек.
XS
SM
MD
LG