Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Орусиянын Иркутск облусундагы кыргыз коомунун башчылары бүгүн Жалалабад облусунун жетекчилигинен жардам сурашты


ЖАЛАЛАБАД. Иркутскидеги кыргыз коомунун башчылары Кубанычбек Анашев менен Амирбек Муратов облустук бийликтин жооптуу адистери менен жолугушту. Алар Токтогул Сатылгановдун өмүр жолун изилдөө, акындын музейин ачуу, Иркутск шаарына анын ысымын ыйгаруу демилгесин көтөрүшкөнүн айтып, аны колдоону өтүнүштү. Кыргыз коомунун башчылары Екатеринбург шаарындагы консулдук алыс тургандыктан, Иркутск шаарына да кыргыз элчилигинин өкүлчүлүгүн коомдун эсебинен ачуу сунушун кыргыз өкмөтү менен Тышкы иштер министрлигине жеткирүүнү облустук бийлик өкүлдөрүнөн суранышты. Алардын маалыматында, азыр Иркутскиде 50 миңден ашык мекендештерибиз жашайт. Коом алардын да укугун коргойт.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG