Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

«Кыргызтелекомдун» 51% акциясын сатуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылат


БИШКЕК. Кечээ Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетте «Кыргызтелеком» акционердик коомунун 51% акциясын сатууга байланыштуу тендердик комиссиянын жыйыны өттү. Комитеттин маалымат кызматы кабарлагандай, комиссия «тендердин биринчи баскычын жеңип чыккан швециялык «Swedtel» консорциуму тендердин талаптарына негизинен жооп берет» деп белгиледи. Бирок тендердик комиссиясынын мүчөсү Сүйөркул Бакиров «Азаттыкка» маалымдагандай, «Swedtel» консорциумунун «Кыргызтелекомдун» өкмөттүн токтому менен бекитилген тарифтерин жогорулатуу, ошондой эле айыл жеринде келечекте телефон байланышын өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштары талаш-тартыштарды пайда кылууда. Кийинки аптада «Swedtel» консорциумунун өкүлдөрү Кыргызстанга келмекчи. Алар тендердик комиссия менен бирге «Кыргызтелеком» акционердик коомунун тарифтери, өнүгүшү, акционердик коомдун акцияларын сатып алуу жөнүндөгү комплекстүү макулдашуулар боюнча маселелерди талкуулашат. Эгерде швециялык компаниянын техникалык сунуштары тендерге катышкандар үчүн түзүлгөн инструкциянын талаптарына жооп бербесе, тендердик комиссия башка компаниянын сунушун карашы мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG