Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Орусия Кыргызстандын электр энергиясын сатып алууга ынтызар эмес экени айтылууда


БИШКЕК. «Кыргыз өкмөтү электр энергиясын кымбат баада сунуштоодо, ошол себептен Орусия аны сатып алууга ниеттенбей жатат», - деп билдирди бүгүнкү маалымат жыйынында Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин төрагасы Жаныш Рустенбеков. 2-8-июлда Орусиянын Москва жана Курган шаарларында Жогорку Кеңеш менен Федералдык жыйындын ортосундагы кызматташтык боюнча палата аралык комиссиянын төртүнчү отуруму өттү. Жаныш Рустенбеков баштаган кыргыз депутаттары Орусиянын атом энергиясы боюнча министри Александр Румянцев, Курган облусунун губернатору Олег Богомолов, Свердлов облусунун губернатору Эдуард Россель жана башка ырасмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык маселелерди талкууга алышкан. Жаныш Рустенбековдун айтымында, Кыргызстанда электр энергиясынын баасы Борбор Азия менен Орусиядагыга караганда бир топ кымбат жана орус тарап Кыргызстандын электр энергиясын азыр өкмөт сунуш кылгандай, 1 кВатт/саатын 1-1,5 центтен эмес, 0,7 центке арзандатса гана сатып алууну карап көрүүнү айтышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG