Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:09

Кыргызстан Коммунисттик партиясы «Өнөктөштүк форумуна» катышпай турган болду


БИШКЕК. Өлкөдөгү эң ири саясий партия болуп эсептелген, Абсамат Масалиевдин башчылыгындагы Кыргызстан коммунисттик партиясы ишембиде өтө турган «Өнөктөштүк форумуна» катышпайт. Бул тууралуу маалымат партиядан «Азаттык» радиосуна бүгүн келип түштү. Коммунисттердин пикиринде, бул «тегерек үстөл» жыйыны мурдагы форумдар сыяктуу эле эч кандай натыйжа бербейт. Бул боюнча партиянын башчысы Абсамат Масалиев: «Бийлик «тегерек үстөл» жыйынында өкмөттүк партиялардын гана эмес, оппозициянын да пикирин угушу керек. Эгерде бул жыйын мурдагы жыйындардай эле, бийликтин сөзүн сүйлөгөн партиялар менен бейөкмөт уюмдарды топтоп алса, анда андан эч кандай жыйынтык чыкпайт», - деген пикирин билдирди. Ал эми «Акыйкат жана прогресс» партиясынын көз карашында, «Өнөктөштүк форумунан» сөзсүз эле кандайдыр-бир жыйынтык күтүп кереги жок. Бийлик менен жарандык коомдун өкүлдөрү чогулган мындай форматтагы жыйындар жылына бир эмес, бир нече жолу уюштурулуп турууга тийиш. Айрым саясий партиялардын өкүлдөрү болсо, «бийлик саясий партиялар менен өз алдынча жолугуп, партияларга тиешелүү маселелерди талкуулашы зарыл» деген пикир айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG