Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

«Кыргызстанга жакын арада «Хивостун» текшерүүчүлөрү келишет» деген маалымат бар


БИШКЕК. «Жакынкы күндөрдө «Хивос», «Сорос», ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын аудиторлору Кыргызстанга келишет», - деп билдирди «Азаттыкка» Адам укуктарын коргоо боюнча кыргыз комитетинин Талас облусу боюнча мурдагы координатору Ырыскелди Момбеков. Анын айтымында, чет элдик аудиторлор эл аралык уюмдардан грант алган Кыргызстандагы «Интербилим», Адам укуктарын жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча бюро, «Жарандык коом коррупцияга каршы», «Демократия жана жарандык коом үчүн» сыяктуу бир катар бейөкмөт уюмдардын канчалык деңгээлде акчаны максаттуу пайдаланып жатканын текшеришет. Ырыскелди Момбековдон алынган экинчи маалыматка караганда, кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Адам укуктарын коргоо боюнча кыргыз комитетинин Нарын облусу боюнча мурдагы координатору Качкын Булатовдун комитетке каршы берген доо арызы комитеттин башкы эсепчиси Сурмакүл Масакееванын сотко келбегендигине байланыштуу 25-июлга жылдырылды. Ишти караган судья Дилбара Максимова Сурмакүл Масакееваны кийинки сот жараянына күч менен алып келүү жөнүндө чечим чыгарды. Качкын Булатов комитетти «мени иштен мыйзамсыз бошотту» деп айыптап, сотко кайрылган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG