Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

Карасуудагы чек арада кыргыз атуулу набыт болду


ОШ, БИШКЕК. Кечээ түштөн кийин кыргыз-өзбек чек арасында өзбекстандык чек арачынын аткан огунан Кыргызстандын атуулу, Карасуу шаарынын тургуну, 1982-жылы туулган Адылжан Үркүнбаев дароо каза тапты. Карасуу шаарынын Крылов көчөсүнүн тургуну Камилжан Үркүнбаев кечээ милиция органдарына арыз менен кайрылган. Арызда ушул күнү иниси Адылжан Үркүнбаевди Кыргызстандын Карасуу шаарына чектеш Өзбекстандын Карасуу шаарындагы чек ара бекетинде кызмат кылган бир өзбекстандык аскер атып салгандыгы, ал дароо ошол жерде жан бергендиги жазылган.

Арыз боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Эркин Эсеналиев жетектеген оперативдүү топ түзүлүп, дароо окуя болгон жерге барды. Адылжан Үркүнбаев Шааркансай дарыясынын жээгиндеги Достук көчөсүндө ок тийип каза болгон. Ок анын курсагынан кирип, ички органдарын аралап кеткен. Ок өзбекстандык чек арачылар колдонуп жүргөн ок экендиги да тастыкталды.

Адылжан Үркүнбаевдин өзбек чек арачыларынын огунан каза болгону тууралуу маалыматты Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги өкүлү Базарбай Мамбетов да «Азаттык» радиосуна бышыктады. Анын айтымында, азыр Кыргызстандын күч органдары ок атууга байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Бүгүн кечинде такталган маалыматтарга караганда, Адылжан Үркүнбаев окуя болгон жерде жалгыз болгон эмес. Кечээ саат 17ден өткөндө Кыргызстандын Карасуу шаарынын аймагында жайгашкан Шааркансай бажы бекетинен түндүккө карай 500-600 метр алыстагы кыргызстандыктар салган жыгач көпүрө аркылуу А.Үркүнбаев, Я. Осмонов, Я. Тешебаев жана Н. Гүлчиев аттуу төрт кыргызстандык жаран Өзбекстандын аймагына өтүшкөн. Ал төртөө өзбек чек арачылары менен сүйлөшүү жүргүзгөн маалда алардын ортосунда чыр чыгып, натыйжада бир өзбек чек арачысы кыргызстандык Низамжан Гүлчиевди мылтыктын кундагы менен бетке чапкан. Жаракат алган Гүлчиевди анын достору көпүрө аркылуу Кыргызстандын аймагына өткөрүп жиберишкен. Мына ушул учурда Адылжан Үркүнбаевге каршы Өзбекстандын белгисиз чек арачысы ок атып, андан Үркүнбаев дароо каза болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG