Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

АКШнын Сенаты ЦРУнун жетекчисин суракка алды


Ирак Нигер өлкөсүнөн уран сатып алууга аракеттенген деген чалгын маалыматын жактырган Жорж Тенет кечээ Сенаттын чалгын комитетинин суроолоруна жооп берди. Бул ырастоо январь айында президент Жорж Буштун Ирак согушунун алдындагы бүткүл элдик кайрылуусуна киргизилген эле.
Комитеттин төрагасы Пэт Робертс чалгын маалыматтарына карата мамилени жакшыртууга чакырды:
- Бул маалыматты жоопкерчиликсиз пайдаланышкан, ошондуктан мындан сабак алып, аны оңдошубуз керек.
Анын аралыгында Бириккен Улуттардын мурдагы башкы курал инспектору Ханс Бликс Ирак согушун колдогон Даниянын өкмөтү март айында Ирактын массалык кыргын куралы бар деп, парламентке тескери маалымат бергенин билдирди. Иракта бүгүнгө чейин мындай курал табыла элек.

XS
SM
MD
LG