Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Гонконгдун акими иштен кетүү талабын четке какты


Кытайдын Гонконг аймагынын акими Туң Чехуа бүгүн антидиверсиялык мыйзам боюнча кошумча коомдук талкуу өткөрүүгө көрсөтмө берээрин билдирди. Аталган мыйзамдын долбоору ай башында 500 миң чакты кишинин демонстрациясына түртү болгон эле, азыр да демократиячыл топтор Туң Чехуанын иштен кетишин талап кылышууда. Бирок аким отставкага кетүүдөн баш тартып, "иш жүргүзүү ыкмамды жакшыртам" деп сөз берди.
Гонконг парламентинин мүчөсү Эмили Лау айым финансы жана коопсуздук катчыларынын кечээ отставкага кетиши жетиштүү эмес деп эсептейт:
- Буга чейин Туң мырза өз колдоочуларына гана таянып келди. Ошондуктан анын саясаты канааттандыраарлык эмес, өзүнүн эл арасында кадыр-баркы жок. Биз баштан аяк жаңыланууну каалайбыз. Биз Туң мырзанын отставкага кетишин каалайбыз жана муну (борбордук) Бейжиң (өкмөтү) туура түшүнөт деп үмүттөнөбүз.
Туң апта соңунда Бейжинге барып, Гонконгдогу кырдаал боюнча түшүндүрмө берет деп күтүлүүдө. Бирок Бейжинден бүгүн Гонконгдун автономиялык иштерине кийлигишпейбиз деген кабар келди.

XS
SM
MD
LG