Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Орусиялык прокурор чечен кызын өлтүргөн полковникти 12 жылга кесүүнү талап кылды


Аскерий прокурор Владимир Милованов мындан 3 жыл мурдагы кылмыш боюнча кызмат абалынан пайдаланып, киши уурдап, аны оорлотуучу шартта өлтүргөнү үчүн, полковник Юрий Будановду 12 жылга эркинен ажыратып, анын офицердик даражасын жана сыйлыктарын күчүнөн кетирүүнү сунуш этти.

Буданов 2000-жылдын март айында 18 жаштагы Элза Кунгаеваны өлтүргөнүн моюнга алган, бирок "кылмышка эс-акылымды убактылуу жоготуп койгон учурда баргамын" деп ырастаган, бирок психиатрлар Буданов кол салуунун мезгилинде эс-акылында болгон деген бүтүм чыгарышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG