Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

УЛУУ ШЕЙХ ТАНТАВИ: ТЕРРОРЧУЛАР – ИСЛАМДЫН ДУШМАНЫ


Каирдеги эң көөнө ал-Азхар мечитинин диниятчысы, улуу шейх Мохаммад Сайид Тантави исламдын атына жамынып,ар кандай террордук иштерди жасап жаткандарды мусулмандардын душманы деп атады. Шейх экстремизм менен жихаддын да эч кандай байланышы жоктугун ырастады. Мусулман өлкөлөрүн Батыш менен ачык-айрым сүйлөшүүлөргө чакырып, ар башка дин туткандар өз ара араздашпай,тескерисинче,мамыр-жумур мамиледе жашоого тийиш, - деп билдирди шейх Тантави.

Шейх Мохаммад Тантави – исламдын таанымал билимгери,көрүнүктүү фалсафачы. Мусулмандар, айрыкча сүннү мазабын карманган диндарлар арасында чоң аброй тапкан тапсирчилердин бири. Ал Мисирде эле эмес, жалпы мусулман жериндеги эң көөнө мечит эсептелинген Ал-Азхарда иштейт, аталган диний идара болсо исламдын сүннү мазабын туткандардын башкы борбору саналат. Андыктан улуу шейх Тантавинин ибааратынын чоң таалим-таасири бар.

Малайзияда өткөн мусулман диниятчыларынын эл аралык конференциясында шейх Тантави жанкечтилердин жардамы менен террордук иштерди жасап жаткандарды кескин айыптап, аларды исламдын душманы деп атады. Өз жанын өзү кыйып, ага кошо бейжазык пенделердин өмүрүнө забын болгондор, ислам эрежесине ылайык, бейишке чыкпайт, тозокко түшөт. Эмнеге дегенде ак ниет адамдарга кыянатчылык кылуу исламда эң чоң күнөөгө жатат. Ушул мааниде алганда улуу шейх израилдиктерге каршы жасалып жаткан акцияларды да ислам менен актаганга болбой тургандыгын ырастады. Тескерисинче,мындай иштер, шейхтин сөздөрү боюнча, Мухаммед алейсаламдын окуусуна кайчы келет.

Исламда жөн-жайкын жаткан адамдарга каршы агрессия жасаганга таптакыр тыюу салынган. “Кыянатчылык – инаятчылык эмес, - деп айтты азирети шейх. - Экстремизм - исламдын душманы”. Экстремисттер исламды жана жихад түшүнүгүн өздөрүнүн кыянат максаттары үчүн гана пайдаланып жатат. Жихадга, улуу шейхтин түшүндүрмөсүнө ылайык, исламда өз мекенин коргогонго же өз өмүрүн сактаганга туура келген учурларда гана уруксат берилет. Жихад менен экстремизмдин ортосунда асман менен жердей айрыма бар, - деп айтты таанымал тапсирчи.

Улуу шейх “цивилизациялардын кагылышы” деп аталган чуулгандуу идеяга да токтолду. “Мен мындай идеяны колдобойм,-деп айтты ал.- Ар кайсы динге ишенгендер өз ара басташып-касташкандын ордуна кызматташууга тийиш”.

Ушуга байланыштуу Мохаммад Тантави мусулман өлкөлөрүн Батыш менен алака түзгөнгө, бул үчүн ар дайым ачык болгонго чакырды. “Бейпилдик мүдөөдөн сунулган колду каккан беймаанилик болот”,-деп айтты сүннү мусулмандарынын адыйы.

Лондондогу мусулман коллежинин деканы, доктор Заки Бадави да ушундай ойдо. Исламчыл радикалдуу топтордун саясий маанидеги адилетүү талаптары болушу мүмкүн,деп эсептейт Бадави. Бирок алар исламдын атынан жана исламдын урматына бейжазык кишилердин өмүрүн кыйганга таптакыр акысы жок. Кептин баары исламдын идеяларын жана мусулманчылыктын жол-жоболорун натуура түшүнгөн көз карашта, - деп айтты Бадави. Ислам эрежелерине ылайык, ушунун өзү эле чоң күнөө.

Исламдын идеялары үчүн деген ураанга жамынып мусулмандар менен мусулмандар урушкан окуялардын түпкү себептерин да таасирдүү фалсафачылар ушуну менен түшүндүрүшөт. 1981-жылы, мисалы, Египетте (Мысырда) аскерий парад маалында президент Анвар Садатты экстремисттер атып салышкан. Алар Мысыр жеринде ислам мамлекетин түзгүсү келишкен. Ошондон бери көптөгөн арап өкмөттөрү радикалдуу ислам топторуна өтө чочулап мамиле кылышат. Бир эле Египеттин түрмөлөрүндө ушу кезде миңдеген радикалдар жатат.
XS
SM
MD
LG